О! мобилдик операторунун кооз номерлеринин ачык аукциону

0500, 501, 502, 505, 507, 508 же 509 коддору менен Platinum премиалдык категориясынын статустук номерин каалайсызбы?

О! мобилдик операторунун кооз номерлерин колдонуу укугу үчүн vipnomer.o.kg сайтындагы онлайн-аукционго катышыңыздар!

Кооз номерлер оңой жатталгандыгы менен ыңгайлуу, ошондуктан аларды жарнамалык максаттарда да колдонсо пайдалуу. Ири компаниялардын байланыш линияларына абдан керектүү нерсе, бул номер визиткаларда жакшы көрүнөт, телефонуңуздун дисплейинде мыкты отурат жана жеңил терилет. Кооз номер менен өз престиж менен статусуңду баса белгилөө менен элди таң калдырса болот.

Онлайн-аукционго катышыңыз. Бардык каалоочуларга кооз номерлерге бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздаган максималдуу ачык жана ыңгайлуу процесс.

Онлайн-тоорук 1000 сом өлчөмүндөгү тооруктун кадамын эске алуу менен баштапкы бааны жогорулатуу боюнча аукциондун классикалык түрүндө өтөт.

Мындан тышкары, тоорук башталганга чейин да, тоорук учурунда да конкреттүү лотко туура келген кыска номерге блиц-бааны көрсөтүү менен SMS-билдирүү жөнөтүп, номерди колдонуу укугун алса болот. Бул учурда сиз автоматтык түрдө тооруктун жеңүүчүсү болуп табыласыз.

  1. Онлайн-аукционго катышуу үчүн биринчи vipnomer.o.kg сайтына кирип, эрежелер менен таанышып жана катталуу керек.
  2. Каттоо аукциондун лотуна туура келген кыска номерге SMS жөнөтүү менен ишке ашат.
  3. Балансыңызда 1000 сомдон кем эмес сумма болушу керек.

Бул шертпул аукциондун жеңүүчүсүнүн гана эсебинен алынат, калгкан катышуучуларга төлөнгөн сумма тоорук аяктары менен баланстарына кайтарылат.

КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Сиз тооруктар учурунда дагы, блиц-бааны көрсөтүү менен конкреттүү лотко тиешелүү кыска номерге биринчи болуп SMS жөнөтүү менен тооруктарга чейин да номерди колдонуу укугун сатып алууга жетише аласыз. Бул учурда сиз автоматтык түрдө тооруктардын жеңүүчүсү болуп эсептелесиз.