4G Wi-Fi Роутер болгону 1 сомго сатып ал

«90 күнгө пайдалуу чексиз 4G» тарифине кошулганда болгону 1 сомго 4G Wi-Fi роутерине ээ болуңуз.

Тарифке гана төлөө менен түзүлүштү сатып алуудан үнөмдөңүз да, чексиз 4G интернеттин бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланыңыз!

  • Интернет-трафик чектөөсүз.

4G Wi-Fi роутерди О! мобилдик операторунун бардык сатуу жана тейлөө кеңселеринен сатып алса болот же ostore.kg интернет-дүкөнү аркылуу дароо азыр тапшырык кылыңыз.

Кененирээк:
  • «90 күнгө пайдалуу чексиз 4G» тарифтик планынын баасы – бардык салыктарды эске алуу менен 2 370 сом;
  • Тарифтин алкагындагы интернет-трафик чектөөсүз берилет;

  • Тарифтин алкагында O!TV кызматын кошуу мүмкүн эмес;

  • «Менин О!» мобилдик тиркемеси жана Жеке кабинет аркылуу тарифти башкарса болот, ага кирүү тарифтештирилбейт жана баланстын бардык түрүнө ачык;

  • Түзүлүш менен комплектиде жүргөн SIM-картаны активдештиргенден кийин тарифти кошуу үчүн сумма алынат жана 90 күнгө чексиз интернет берилет. «90 күнгө пайдалуу чексиз 4G» тарифинин иштөө мөөнөтү аяктагандан кийин автоматтык түрдө «Пайдалуу чексиз 4G» тарифине которулат, абоненттик төлөмдү алуу үчүн жетиштүү бардык сумма болгон учурда 30 күнгө чексиз интернет көрсөтүлөт. Тариф андан ары ар бир 30 күнгө абоненттик төлөмдү алуу үчүн жетиштүү бардык сумма болгон учурда автоматтык түрдө узартылып турат;

  • «90 күнгө пайдалуу чексиз 4G» тарифинен «Алга Интернет + O!TV», «Алга Интернет», «Үй интернети»,«Пайдалуу чексиз 4G» жана «360 күнгө пайдалуу чексиз 4G» тарифтерине гана өтсө болот, мында «90 күнгө пайдалуу чексиз 4G» тарифинин алкагындагы интернет үчүн колдонулбаган күндөрү күйүп кетет жана кошулган тарифтин шарттары иштей баштайт;

  • Кызматтын алкагындагы маалыматтарды өткөрүү кызматы абонент 4G/3G/2G түйүндөрүнүн кайсынысында гана болгонуна карабастан жеткиликтүү болот;

  • Бардык кардарларын интернет менен жайлуу камсыздоо максатында компанияда трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясаты" (FUP - Fair Usage Policy) колдонулуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

  • Активдүү режим — акыркы тарифтештирилген окуяны ишке ашырган учурдан баштап 180 күн.
  • Баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.