Интернет жана ТВ бир жылга

Акция боюнча:

1 Мбит/c чейин ылдамдыктагы чексиз интернетке ээ болосуз.

  • Интернет-трафиктин топтомунун көлөмү – чектөөсүз
  • Популярдуу ТВ каналдары: 150
  • Акциялык тарифтин иштөө мөөнөтү: 360 күн

  • Комплекттин ичинде:

  • 4G Wi-Fi ВИНГЛ Интернетти бардык жерде, үйдө, машинада, дачада таратат жана каалаган USB-порттон иштейт!
  • O!TV Android приставкасы сиздин кадимки телевизоруңузду ири мүмкүнчүлүктөрү бар мультимедиалык борборго айлантат. Аны өз телевизоруңузга кошуп алыңыз да, онлайн-ТВ көрүңүз, телевизоруңуз аркылуу чексиз интернет менен пайдаланыңыз, социалдык тармактарда баарлашыңыз. USB-топтогучту кошуп алуу менен медиафайлдарды көрүңүз.
  • Акциялык комплекттин баасы – бардык салыктарды эске алуу менен 4990 сом.

    Каалаган О! сатуу жана тейлөө кеңсесинен же бүт өлкө боюнча жайгашкан O!Store дүкөндөрүнөн сатып алсаңыз болот.

    «Менин О!» тиркемесинен жана lk.o.kg дареги боюнча Жеке кабинеттен акциялык тарифти башкарса жана O!TV сервиси үчүн шартбелгини текшерсе болот, ага кирүү баланстын бардык түрүндө ачык.

    Комплекттин курамы:

  • Android приставка
  • 4G Wi-Fi Вингл
  • «Интернет жана ТВ бир жылга» тарифи менен SIM-карта

Android приставкасынын комплектациясы:

1. O!TV Android приставкасы;

2. Башкаруу пульту;

3. Азыктандыруу блогу;

4. AV кабели;

5. Пайдалануучунун колдонмосу/Кепилдик талону.


O!TV Android приставкасын кантип кошуу керек:
360 күн бою телеканалдарды акысыз көрүү үчүн комплектидеги SIM-картаны 4G Wi-Fi Винглге тагуу керек. O!TV сервиси үчүн шартбелгини «Менин О!» тиркемесинен жана lk.o.kg дареги боюнча Жеке кабинеттен текшерсе болот, ага кирүү баланстын бардык түрүндө ачык.

Приставканы көзөнөкчөлөрдүн жана интерфейстин эң минималдуу топтомуна (кызыл, сары жана ак коңгуроочолор) ээ бардык телевизорго кошууга болот, же телевизор HDMI туташуунун кармаса, кошумча HDMI кабелин сатып алуу керек.


O!TV Android приставкасынын техникалык өзгөчөлүктөрү:

Өндүрүүчү

О!

Кепилдик (ай)

6

БАШКА

Түсү

Black

Процессору

Quad Core 1.5 ГГц

Оперативдик эс тутуму

1 ГБ

Эс тутуму

8 ГБ

Физикалык көлөмү

11.6 х 11.6 х 2.3 см

HTML5, Flash кармоосу

+

Эс тутум картасын кармоосу

microSD (Max. - 256 GB)

Интернетке чыгуу

Internet browser

Операциондук тутум

Android 7.0

Wi-Fi

Wi-Fi 802.11 /b/g/n/

Мессенжерлердин болушу

Facebook, Skype

HDMI кармоосу

HDMI 2.0

USB кармоосу

USB 2.0, 3.0

Видео форматы

SD, HD, Full HD, 4K, 3D

Комплектация

1) Android приставка O!TV

2) Пульт управления

3) Блок питания

4) AV кабель

5) Руководство пользователя/Гарантийный талон

ТВга кирүү

O!TV


«Интернет жана ТВ бир жылга» тарифи тууралуу кененирээк:
  • Тариф бүт Кыргызстан боюнча жеткиликтүү;
  • O!TV Android приставкасы жана 4G Wi-Fi ВИНГЛди Акция боюнча комплект менен сатып алган учурда гана «Интернет жана ТВ бир жылга» тарифине кошулууга болот;
  • Тарифтин алкагында интернет-трафиктин көлөмү чектөөсүз берилет;
  • Тарифти 360 күнгө активдештирүүнүн баасы – бардык салыктарды эске алуу менен 4 990 сом;
  • O!TV сервиси үчүн шартбелгини «Менин О!» тиркемесинен жана lk.o.kg дареги боюнча Жеке кабинеттен текшерсе болот, ага кирүү баланстын бардык түрүндө ачык.
  • «Интернет жана ТВ бир жылга» тарифинен «Үйгө интернет», «30/360 күнгө пайдалуу чексиз 4G», «Алга Интернет + O!TV», «Алга Интернет» тарифтерине которулса болот. Мында «Интернет жана ТВ бир жылга» тарифинин бардык шарттары өчүрүлөт, ал эми интернеттин пайдаланылбаган күндөрү жок кылынат;
  • «Интернет жана ТВ бир жылга» тарифинин иштөө чегинде башка сервистерди жана кызматтарды кошуу мүмкүн эмес;
  • Тарифтин шарттарына ылайык, интернеттин ылдамдыгы секундасына 1 Мбитке чейин берилет. Интернет-трафик 50 ГБ көлөмгө жеткенде, ылдамдык секундасына 512 Кбитке чейин белгиленет;
  • Файл алмашуу үчүн P2P (торрент) жана FTP тармактарынан жүктөөнүн максималдуу ылдамдыгы чектелген;
  • Маалыматтарды өткөрүү жана телевидение 4G/3G/2G түйүндөрүндө жеткиликтүү;
  • Тариф маалыматтарды өткөрүүгө гана арналган, добуштук байланыш кызматтары жеткиликсиз;
  • КР бардык мобилдик операторлорунун номерлерине 1 SMS жөнөтүүнүн баасы КНС эске алуу менен, СС саналбастан 1,5 сомду түзөт;
  • Акциянын мөөнөтү аяктагандан кийин, 360 күндөн кийин «Үйгө интернет» тарифи иштей баштайт. Абоненттик төлөмү – 30 күнгө бардык салыктарды эске алуу менен 550 сом. Эгерде бул учурга карата эсебиңизде керектүү сумма болбосо, анда интернетке кирүү өчүрүлөт. Интернеттин ишин кайра баштоо үчүн болгону балансыңызды абоненттик төлөмдү алууга керектүү суммага гана толуктап коюңуз.