Последние новости
О! мобилдик оператору жеке кабинетти жаңылады, ал компаниянын абоненттерине өз чыгымдарын башкарууга, ылайыктуу тарифтерди тандоого, кызматтарды кошууга же өчүрүүгө мүмкүндүк берет
О! мобилдик оператору жеке кабинетти жаңылады, ал компаниянын абоненттерине өз чыгымдарын башкарууга, ылайыктуу тарифтерди тандоого, кызматтарды кошууга же өчүрүүгө мүмкүндүк берет.
Жаңыланган жеке кабинет мурунку нускасынан функциялардын кеңейтилген топтому жана ыңгайлуу интерфейси менен айырмаланат. Бул кызматтын натыйжасында О!нун абоненттери тарифтерди өз алдынча өзгөртүп, өз кызматтарынын тизмесин текшерип, аларды өчүрүп же жаңыларын кошуп, чыгымдарды жана эсепте калган каражаттарды жеке контролдой алышат. Мындан тышкары, кызмат төлөмдөрдүн түшүшүн текшерүүгө жана жеке кабинеттен чыгымдардын учурларын тапшырык кылууга мүмкүндүк берет. Ушул иш-аракеттердин баарын абонент каалаган ыңгайлуу жерден жана баланс нөл болсо да аткара алат, себеби кызматты колдонууда интернет-трафик акысыз.
О! мобилдик оператору өз кардарларына күтүлбөс кырдаал жаралган учурда жакынкы кеңсеге чуркап же байланыш-борборуна чалып отурбас үчүн ыңгайлуу кылууга аракет кылды. Эми маселелердин көбүн жеке кабинет аркылуу чечсе болот.
О!нун жеке кабинети https://lk.o.kg/ сайтында баракча түрүндө берилген, ага кирүү телефон номери жана алдын ала ойлонуп коюлган сыр сөз боюнча жүргүзүлөт.
О!нун социалдык тармактардагы расмий барактарына онлайн-кеңешке кайрылган каалаган колдонуучу маселесин суткадагы мезгилге жана жумадагы күнгө карабастан бир нече мүнөттүн ичинде чече аларын эске салабыз. Биз абонеттерибиз үчүн Facebook, «ВКонтакте», Viber-деги социалдык тармактарда, ошондой эле www.o.kg сайтындагы онлайн-кеңештерде дайыма байланыштабыз.
Кибербезопасность с О!: скоро стартует стажировка Intern Labs
7 мая – День связи в Кыргызстане: поздравление от команды О!
МОБИЛЬНЫЙ ОПЕРАТОР О! ИНФОРМИРУЕТ
Кто не успел – тот без смартфона! Распродажа в O!Store вот-вот закончится
Майские каникулы за границей: оставайтесь онлайн вместе с интернет-роумингом О!
Все новости