О! Мобилдик оператору атайын корпоративдик кардарларга арналып иштелип чыккан пайдалуу корпоративдик тарифтер менен алдыңкы телекоммуникациялык кызматтарды пайдаланууну сунуштайт.
Корпоративдик кардарларга бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл болгон кызматтардын толук спектри: мобилдик байланыш, конвергенттик байланыш кызматтары, 4G LTE ылдамдыгында жогорку ылдамдыктагы интернет сунушталат.
О! Мобилдик оператору бизнесте көп нерсе байланыштан, анын ылдамдыгынан, сапаты менен ишенимдүүлүгүнөн көз каранды экенин жакшы билет, ошондуктан кардарларыбыз бизге толук ишеним көрсөтүүсү үчүн колубуздан келгендин баарын аткарабыз. Бүгүнкү күндө О!Мобилдик оператору — мобилдик маалымат өткөрүү кызматтары боюнча Кыргызстандын лидери. Компания өлкөнүн эң алыскы аймактарына чейин камтууга жөндөмдүү ири 4G LTE түйүнүнө ээ. Кыргызстандыктардын 99%дан көбү 4G LTE сигналын ишенимдүү кабыл алуу аймагында жашайт.
О! Мобилдик оператору кардардын муктаждыктарына комплекстүү мамиле кылууга багытталып, алардын ишенимин жогору баалайт жана узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар. Ар бир кардарга карата индивидуалдуу мамиле өз ара пайдалуу өнөктөштүк үчүн эң мыкты жана оптималдуу чечимди таап чыгууга жардам берет.
Консультация жана кошуу үчүн өтүнмөнү бул жерден (төмөнкү таблица: кошуу үчүн өтүнмө калтыруу) же болбосо Компаниянын корпоративдик тейлөө кеңселеринин бирине кеңселеринин бирине калтырса болот.