eSIM деген эмне?

eSIM технологиясы (Embedded SIM – «орнотулган SIM-карта») – бул түзүлүшкө өндүрүштүк этапта орнотулган 6х5 мм өлчөмүндөгү кичинекей микросхема. Ал чыгарылбайт жана кайра орнотулбайт. Болгону QR-кодду окутуу жолу менен жаңы маалыматты жүктөп коюу жетиштүү.

eSIM кимдерге керек?
  • Бир нече номер колдонгондорго. Мында SIM-картанын форматы (mini, micro, nano) тууралуу ойлонбой эле койсо болот;
  • Трекер, ноутбук жана башка «акылдуу үй» компоненттерин (сигнализациялар, датчиктер, видеокамералар, тиричилик техникасы ж.б.) колдонгондорго.
eSIMдин артыкчылыктары
  • Түзүлүштө орун ээлебейт;
  • Түзүлүштүн ээсине коопсуздукту камсыздайт. Смартфонду уурдатып жиберген учурда да кылмышкер үчүн баалуу буюм болбойт. Телефондон eSIM чыгарылбайт, демек, түзүлүштүн өзүн да колдонуу мүмкүн эмес;
  • Келечекте колдонуучуларга мындан да көп ыңгайлуулук тартуулай турган перспективалуу инновациялык түзүлүш.
eSIM технологиясы камтылган түзүлүштөрдүн моделдери
  • iPhone 11/12/XR/XS/SE, iPhone 11/12 Pro, iPhone 11/12 Pro Max, iPhone XS Max, iPhone 12 mini.
  • iPad 2019, iPad Air 2019, iPad mini S, iPad Pro 11/12.9.
  • Samsung Galaxy S21 Ultra, S20/S20+, S20 Ultra, Samsung Galaxy S21/S21+, Galaxy Fold, Galaxy Z Flip, Galaxy Z Fold 2, Galaxy Note 20/Note 20 Ultra.
  • Google Pixel 3/3a/3 XL/3a XL, Pixel 4/4a/4 XL, Pixel 5.
  • Motorola RAZR, RAZR 5G.
  • Huawei P40/P40 Pro, Mate 40/Mate 40 Pro, Mate Xs.
  • Microsoft Surface Duo.
  • HP Spectre Folio Lenovo Yoga 630, Gemini PDA, Xiaomi Mi Watch.
  • OPPO Find X3 Pro — OPPO жана Thales компаниясы тарабынан иштелип чыккан, eSIM менен 5G түйүнүн камтыган биринчи флагман.
eSIMди кантип алууга болот
  • Корпоративдик сатуулар кызматына кайрылып, түзүлүштүн ырастоолорунан eSIMди активдештирүү үчүн уникалдуу QR кодду алуу зарыл.
  • eSIM кошуунун баасы – АКЫСЫЗ
eSIMди кантип активдештирүү керек
  • Түзүлүштүн «Ырастоолоруна» кириңиз;
  • «Уюлдук байланыш» же «Мобилдик маалыматтар» бөлүмүн тандаңыз;
  • «Уюлдук тарифти кошууну» басыңыз;
  • Түзүлүшүңүздүн жардамы менен QR-кодду сканерлеңиз.
Маанилүү!
  • ! Өзүңүздүн QR-кодду, pin1 жана pin2 коддорун эч кимге бербеңиз. eSIMди жаңы түзүлүшкө өткөрүү же калыбына келтирүү үчүн QR-кодду сөзсүз сактап коюңуз.
  • ! eSIMди камтыбаган түзүлүшкө аны кошууга болбойт. eSIMди орнотуу же «кошуу» мүмкүн эмес, eSIM камтылышы түзүлүшүңүздүн спецификацияларында орун алууга тийиш.
Смартфон бузулуп калса, eSIM кандайча колдонулат
  • Жаңы eSIM алуу зарыл. Бир эле eSIMди кайра колдонуу түзүлүштүн ырастоолору баштапкы абалына туура келтирилгенде же eSIM профили туура өчүрүлгөндө гана мүмкүн.
  • eSIMди туура кошуу же калыбына келтирүү үчүн Wi-Fi же болбосо түзүлүштөгү башка SIM-картанын мобилдик маалыматтары аркылуу интернет түйүнүнө туташуу зарыл.
  • Муну менен катар, түзүлүштөрдүн баары профилди туура өчүрө албайт, ал эми бир профилди бир эле учурда ар башка түзүлүшкө колдонуу мүмкүн эмес.
eSIMди кантип өз алдынча калыбына келтирүүгө же жаңы түзүлүшкө өткөрүүгө болот
  • Түзүлүштүн ырастоолоруна кирип, ырастоолорду толугу менен баштапкы абалга келтирүү зарыл.
  • Бир eSIMден 10 жолу ырастоолорду толугу менен баштапкы абалга келтирүүгө жол берилет.
  • Тилекке каршы, түзүлүштөрдүн баарында eSIMди туура калыбына келтирүү мүмкүндүгү жок. Эгерде eSIMди өз алдынча калыбына келтирүү же жаңы түзүлүшкө өткөрүү мүмкүн болбосо, О!Мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңсесине же O!Store дүкөнүнө кайрылыңыз.

Сообщение отправлено успешно!

Закрыть