Канткенде корпоративдик кардар болууга болот?

Корпоративдик кардар болуш үчүн жок дегенде 5 кишиден турган корпоративдик топту уюштуруу зарыл. Төмөнкүлөр корпоративдик кардар боло алышат:
  • Юридикалык жактар;
  • Жеке ишкерлер (ЖИ).
Уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө келишим түзүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
  • КР Юстиция министрлигинен берилген Уюмдун каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн / КР Улуттук статистика комитетинен берилген ЖИдин каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • Уставдын көчүрмөсү (ЖИден талап кылынбайт);
  • Уюштуруу документтеринин көчүрмөсү (Башкы директорду дайындоо жөнүндө чечим);
  • Уюмдун даректерин (иш жүзүндөгү жана юридикалык), байланыш телефонунун жана факсынын номерин, электрондук почтанын дарегин, банк реквизиттерин (банк эсеби, БИК, банктын дареги), салык реквизиттерин (ИСН – салык төлөөчүнүн картасы, салык кызматынын району жана коду) көрсөтүү менен Уюмдан келишим түзүүгө берилген кат;
  • Түрдүү операцияларды ишке ашыруу, анын ичинде сим-карталарды алуу үчүн «НУР Телеком» ЖЧК компаниясынын үлгүсүндөгү ишеним кат;
  • Ишеним кат берилген адамдын паспортунун көчүрмөсү;
  • Уюмдун жетекчисинин паспортунун (ID-card) көчүрмөсү;
  • Уюмдун мөөрү.
    Эсептешүү ыкмасы
  • өздүк эсебинен аванстык ыкмада;
  • жалпы корпоративдик эсептен аванстык ыкмада;
  • кредиттик эсептешүү ыкмасында (овердрафт)

Эсепти төлөө

Накталай эмес эсептешүү

«НУР Телеком» ЖЧК компаниясынын банк эсебине банктан которуу аркылуу – андан ары сумма ККнын катынын негизинде номерлер боюнча катта көрсөтүлгөн Жеке эсептерге бөлүштүрүлөт же болбосо сумма толугу менен жалпы эсепке кошулат;

Накталай эсептешүү

«НУР Телеком» ЖЧК компаниясынын кассасына (бардык О!Store кассаларында, ал тургай салонунда да) накталай формада корпоративдик топтун керектүү номерине балансты толуктоо жолу менен;

Корпоративдик топтун керектүү номерине балансты толуктоо жолу менен каалаган терминалдан накталай формада;

Кошуу үчүн өтүнмө калтыруу

1. Уюмдун аталышы*
2. Байланышуучу кишинин ФАА *
3. Байланыш телефону*
4. Электрондук дареги*
5. Документтерди жүктөө (милдеттүү эмес)
Жөнөтүү

Кошуу үчүн өтүнмө калтыруу

1. Уюмдун аталышы*
2. Байланышуучу кишинин ФАА *
3. Байланыш телефону*
4. Электрондук дареги*
5. Документтерди жүктөө (милдеттүү эмес)
Жөнөтүү

Сообщение отправлено успешно!

Закрыть