О! ичинде жеңил кадам

Эски контакттарыңарды жоготпостон номериңизди жеңил алмаштырыңыз!

«О! ичинде жеңил кадам» акысыз кызматы досторуңуздун, жакындарыңыздын, кесиптештериңиз менен бизнес жаатындагы өнөктөштөрүңүздүн баарына телефонуңуздун номери өзгөргөндүгү тууралуу кабарлоого жардам берет.

Эски номериңизге чалуу менен тааныштарыңыз добуштук билдирүү түрүндө (IVR) жаңы номериңиз жөнүндө маалымат ала алат, ал эми сизге ким чалгандыгы тууралуу СМС-билдирүү келет.

Кызматты бир эле жолу активдештирип, кайра даректөөнү ырастап коюу жетиштүү.

Кызмат эки режимде жеткиликтүү:

«Эки тараптуу»

Баарына кабарлоо: сиздин эски номериңизге чалгандардын баары жаңы номериңиз жөнүндө маалымат берген «Сиз чалган абонент номерин 070Ххххххх же 050Ххххххх» номерине алмаштырган» деген автоматтык билдирүүнү угушат. Эки тараптуу режим берилген боюнча кошулат.

«Бир тараптуу»

Мага гана кабарлоо: эгер сиздин эски номериңизге кимдир-бирөө чалган болсо, «Сиздин эски 0XXXyyyyyy номериңизге 0XXXyyyyyy номеринен чалуу болду» деген чалган абоненттин номери көрсөтүлгөн СМС-билдирүү сизге гана келет. Ал абонентке жаңы номериңизди айтууну же айтпоону өзүңүз чечесиз.

Кызмат толугу менен акысыз

Жаңы номериңизден *304*эски номериңизди 0XXXxxxxxx форматында эски номериңиз #чалуу териңиз. Бул Кыргызстандын бардык мобилдик операторлорунун номерлери болушу мүмкүн.

  1. Телефонго эски SIM-картаны орнотуп, **21*0701589255#чалуу командасын териңиз.
  2. SIM-картаны орнотуп, колдоно баштаңыз! Эми сизди эч ким жоготуп албайт, а сиз болсо кимдер издеп жатканын билип турасыз.

Жаңы бир номерге 20га чейин эски номерди кошуп коюуга болот.

Кызматтын туура иштөөсүн камсыздоо үчүн эски SIM-картаңыз активдүү режимде болууга тийиш.

Башкаруу буйрутмалары О! түйүнүндөгү жаңы номерден терилет:

Кошуу *304#
Эски номерди киргизүү
(20га чейин эски номерди киргизсе болот)
*304* 0XXXxxxxxx форматында эски номериңиз#
Эски номерди өчүрүү *304*0* 0XXXxxxxxx форматында эски номериңиз#
Бир тараптуу режим *304*1*0#
Эки тараптуу режим *304*1#
Сизге чалуулар болгондугу тууралуу SMS-билдирүүлөрдү өчүрүү *304*2*0#
Сизге чалуулар болгондугу тууралуу SMS-билдирүүлөрдү кошуу *304*2#
Статусту текшерүү *304*9#
Эски номерлердин баарында кызматты өчүрүү *304*0#

Сообщение отправлено успешно!

Закрыть