Кыргызча

О!го жеңил кадам

«О!го жеңил кадам» акысыз кызматы досторуңузга, жакындарыңызга, кесиптештериңиз менен бизнес боюнча өнөктөштөрүңүзгө сиздин телефон номериңиздин өзгөргөндүгү тууралуу билдирүүгө жардам берет.

Сиздин тааныштарыңыз эски номериңизге чалганда, жаңы номериңиз тууралуу добуштук билдирүү (IVR) ала алышат, сизге болсо ким чалганы тууралуу SMS-билдирүү келет. 

Кызматты бир гана жолу активдештирүү жана башка дарекке жөнөтүүнү ырастоо жетиштүү.

Кызмат эки режимде жеткиликтүү:

«Эки тараптуу»

Баарына билдирүү: сиздин мурунку телефонуңузга чалгандардын баары сиздин жаңы номериңиз тууралуу автожоопбергичтин: «Сиз чалган абонент ноvерин 070Ххххххх же 050Ххххххх номерине алмаштырды» деген жообун угушат. Эки  тараптуу режим дароо иштеп баштайт.

«Бир тараптуу»

Мага гана билдирүү: эгер сиздин эски номериңизге чалышса, чалган кишинин номери менен сиз гана SMS-билдирүү аласыз. «Сиздин эски 0ХХХуууууу номериңизге 0ХХХуууууу номеринен чалышты». Бул абонентке жаңы телефонуңузду билдиресизби же жокпу, аны өзүңүз чечесиз.

Кызмат толугу менен акысыз.

Кошуу

*304#

Эски номерди киргизүү
(20га чейин эски номерди кошсо болот)

*304*сиздин эски номер 0XXXxxxxxx# форматында

Эски номерди өчүрүү

*304*0*сиздин эски номер 0XXXxxxxxx# форматында

Бир тараптуу режим

*304*1*0#

Эки тараптуу режим

*304*1#

Сизге чалуу тууралуу SMS-билдирүүнү өчүрүү

*304*2*0#