Компания жөнүндө

О! – Кыргызстандагы №1 мобилдик оператору*.

«НУР Телеком» ЖЧК (О! Мобилдик оператору) – GSM-900/1800 (2G), WCDMA/UMTS 2100 (3G), UMTS 900 (3G), LTE 800 (4G – Band 20) жана LTE 2600 MHz (4G – Band 7), LTE 1800 MHz (4G – Band 3), LTE 2100 MHz (4G – Band 1) стандарттарында мобилдик байланыш кызматын көрсөтүп жаткан Кыргызстандагы ири мобилдик байланыш оператору.

О! Мобилдик оператору – ѳлкѳнүн 99%дан ашык калкы жашаган камтуу аймагында 4G/3G/2G түйүндѳрүнүн камтылышы жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын лидери. Компаниянын түйүндүк инфраструктурасы алдыңкы дүйнөлүк өндүрүшчүлөрүнүн жабдууларынын жана маалыматтык чечимдеринин негизинде курулган.

  • Түйүндүн  коммерциялык эксплуатациясы 2009-жылдын март айында башталган. 2014-жылы компания өлкөнүн мобилдик операторлорунун ичинен биринчилерден болуп 4G LTE түйүнүн ишке киргизген.

  • 2016-жылы О! биринчилерден болуп  AppStore жана Play Market платформаларынын расмий тиркемеси менен – O!TV мобилдик телевидениесин ишке киргизген.

  • 2017-жылы О! Мобилдик оператору «Грин Телеком Сервис» төлөм уюму менен биргеликте биринчилерден болуп абоненттер үчүн төлөм тутуму – «О!Деньги» электрондук капчыгын ишке киргизди. Капчык «Мой О!» тиркемесинин бир бөлүгү болуп, орнотуулардын саны 3 миллиондон ашты. «Мой О!» – бул төлөмдөр менен акча которуулар үчүн «О!Деньги» капчыгы, О! кызматтарын башкаруу үчүн абоненттин жеке кабинети жана Saima Telecom, товарлар менен кызматтарды сатуу жана сатып алуу үчүн «О!Маркет» жарыялар сервиси кирген бүтүндөй бир экотутум.

  • О! – Интернетти тестирлөө жана анализдөө жаатында дүйнөлүк лидер Ookla'нын 2019-жылдагы «Эң ылдам мобилдик түйүн» сыйлыгынын ээси.

О! Мобилдик оператору www.ostore.kg интернет-дүкөнүн жана абоненттерди тейлөө жана мобилдик товарларды сатуу боюнча O!Store дүкөндөрүнүн ири тармагын өнүктүрүүдө. O!Store дүкөнү дүйнөлүк бренддердин расмий өнөктөшү болуп саналат, дүкөндө смартфондор бөлүп төлөөгө жана насыяга сатылат.

Кыргызстандын жүздөгөн компаниялары жана мекемелери О! мобилдик операторун корпоративдик кардарларына арзандатуулардын, бонустардын ийкемдүү тутумун, ошондой эле жеке тарифтик пландарды сунуштаган бизнес-өнөктөш катары тандашат.

О! Мобилдик оператору – мамлекеттин ишенимдүү өнөктөшү 

О! – мамлекеттин стратегиялык өнөктөшү, мамлекеттик бюджетти калыптандырууга кошкон маанилүү салымы үчүн бир нече ирет «Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү» наамына ээ болгон. 

О! Мобилдик оператору миллиондогон кыргызстандыктын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуу менен, өлкөнүн коомдук жашоосунда активдүү катышууга олуттуу маани берет. О! компаниясы Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн ак ниеттүү иштеп, миңдеген жумуш орундарын түзүү менен катар эле, ай сайын мамлекеттик бюджетке өлкөдөгү жалпы телеком-компаниялардан түшкөн салыктын жарымына жакынын төлөп келет.  

«НУР Телеком» компаниясы мамлекеттик кызматтар менен бирге жалпы улуттук маселелерди чечүүнүн үстүндө үзгүлтүксүз иш алып барат. О! Мобилдик оператору өлкөгө түрдүү бизнес-процесстерди санариптештирүү үчүн жаңы технологияларды тезирээк колдонууга киргизүүнү камсыздоого көмөктөшүүдө. 

Ишмердүүлүк жүргүзгөн мезгил бою О! Мобилдик оператору өзүнүн абоненттерине, мамлекеттик сектордун кызматкерлерине дайыма колдоо көрсөтүп келет. ӨКМ, ИИМ кызматкерлери, мугалимдер, дарыгерлер жана башка мамлекеттик сектордун кызматкерлери үчүн шарттары жана баасы жагынан кыйла жеңил жана пайдалуу корпоративдик тарифтерди берет.  

Кыйын мезгилдерде О! дайым жардамга даяр 

Оор кырдаалдарда О! Мобилдик оператору биринчилерден болуп жардамга келет жана кыска мөөнөттөрдүн ичинде миллиондогон жарандар үчүн керектүү демилгелерди ишке ашырууга даяр. Маселен, пандемия учурунда, ошондой эле Баткен чек арасындагы трагедиялуу окуяларда көрсөткөн колдоосу жогорку баага татыктуу. Оор турмуштук абалга туш болгон жарандарга акысыз байланыш кызматтары, ошондой эле көп миллиондогон материалдык жардам көрсөтүлгөн. Covid-19 учурунда миңдеген мамлекеттик кызматкерлерге, окуучуларга жана мугалимдерге толугу менен акысыз байланышты камсыздоо демилгесин алгачкылардан болуп О! көтөрүп чыккан. Буга чейин мындай демилге КРда да, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да болгон эмес.   

Өзгөчө көңүл балдар үйлөрүнө жардам берүү, мектептердин тегерегин жашылдандыруу боюнча дайыма ишке ашырылып туруучу социалдык долбоорлорго бурулуп, шаарлар менен айыл жерлери үчүн масштабдуу маданий иш-чаралар өткөрүлүп, билим берүү жаатындагы демилгелер колдоого алынат. Көп жылдан бери О! Intern Labs акысыз окутуу программасын ишке ашырып келет жана ондогон IT-адистерди даярдап чыгарды. Компания үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү «Бак отургуз» экологиялык долбоору жакшы салтка айланып, долбоордун алкагында 6 мектеп бакчасы өсүп келе жатат.

Компаниягы кызматташууну сунуштоо же жөн эле суроо берүү үчүн О! мобилдик операторунун PR-кызматын кайрылса болот: pr@nurtelecom.kg.

Мобилдик байланыш кызматтары боюнча суроолор менен жагдайды толук сыпаттоо жана байланыш үчүн телефон номерин кѳрсѳтүү аркылуу answer@nurtelecom.kg почтасына кайрылууга болот.

* абоненттердин саны боюнча Кыргыз Республикасынын лидери. Маалымат жарыяланган учурда жарамдуу: 20.01.2023. 

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан жеткиликтүү кызматтар тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: № 2021030817, 3022030817.


БАЙЛАНЫШ НОМЕРЛЕРИ

  • 707 – О! номерлеринен чалуулар үчүн акысыз номер

Иштөө режими: күнү-түнү.

  • 708 – акылуу маалыматтык-сурап билүү кызматы.

Чалуунун баасы баарлашуу үчүн КНС эске алуу менен 5 сом. 

Иштөө режими: күнү-түнү.

  • 0705700700 – башка байланыш операторунун абоненттери үчүн маалыматтык-сурап билүү кызматынын телефону.

Иштөө режими: күнү-түнү.

  • 706 – тейлөөнүн сапаты боюнча пикирлер менен сунуштардын кызматы. 

Иштөө режими: күнү-түнү

Чалуу акысыз.

БАШКЫ КЕҢСЕ

Компаниянын башкы кеңсесинин дареги:

Бишкек ш., Абдрахманов көч., 170\2, 2-Блок

РЕКВИЗИТТЕР

Алуучу: «НУР Телеком» ЖЧК

Өздүк эсеп: № 1090820100170188

БИК: 109008

УККН: 999

ИНН: 00807199710065

Алуучунун банкы:

«Оптима Банк» ААК Бишкектик борбордук филиалы

Бишкек ш., Киев көч., 104/1

Тел.: +996 (312) 90-59-59

Факс: +996 (312) 37-51-51

E-mail: contact-center@optimabank.kg

web site: www.optimabank.kg