Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору Ош шаарынын тургундарын жана конокторун бешинчи муундагы 5G технологиясынын артыкчылыктарын баалап көрүүгө чакырат.
5G алгач 3G, кийин 4G сыяктуу эле жашообузга позитивдүү өзгөрүүлөрдү киргизүүгө даяр. Байланыштын үчүнчү мууну жогорку темптер менен келгенде, смартфондор жүрөгүбүздөн орун алып, баскычтуу телефондордун ордун ээледи, SMS деген эмне экенин унутуп, кыйла мобилдүү болуп калдык.

Ылдам 4G мобилдик интернет менен кубаттуу смартфондордун пайда болуусу менен кыргызстандыктардын көнүмүш адаттары жана приоритеттери өзгөрдү. Бүгүнкү күндө ылдам мобилдик интернеттин жардамы менен кеңседен тышкары, жолдо кетип бара жатып деле иштей беребиз. 4G компанияга кардарларынын кызыкчылыктарынын айланасында бүтүндөй digital-экотутум - «Мой О!» тиркемесин жаратууга шарт түзүп берди. Бүгүн сиз бир нерсе сатып алуу үчүн чыгып бара жатып, жаныңызга смартфонуңузду эле алып алсаңыз болот. Анын жардамы менен сатып алууларды төлөө, такси чакыруу, геолокация аркылуу жакындарыңыздын кайда экенин билүү, видеочалууларды аткаруү, миңдеген кинофильмдерди көрүү жана башка көптөгөн нерселерди аткаруү мүмкүн. Баса, О! Мобилдик оператору – 4G LTE камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын лидери жана калктын 99%нан көбүн камтыйт.
5G өзүнөн мурунку байланыш стандартынан 10 эсе көп мүмкүнчүлүктөрдү бере алат. Технологиянын уникалдуу мүмкүндүктөрү буюмдар интернети, жасалма интеллект, медицина, айыл чарба, акылдуу шаар, өнөр жай, энергетика, билим берүү, бизнес чөйрөлөрүнүн ири потенциалын ачууга жардам берет.
Ош шаарындагы О! 5G тест зонасын Масалиев көч., 16/б дарегинде жайгашкан O!Store дүкөнүнүн ичинен таба аласыз. Жогорку ылдамдыктардын зонасына кош келиңиз!
Жаңылыктар менен компаниянын Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан таанышыңыздар – сиздерди кызыктуу нерселер күтөт.
О! Мобилдик операторунан 5G – ылдамдыктын жаңы формуласы.

O!Store'дон Honor белектери: телевизор же экинчи смартфон!

Жакын болуу дагы пайдалуу: О! үй-бүлөлүк туташууга арзандатууларды сунуштайт
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

QA/SDET инженери бол: О! компаниясынан InternLabs акысыз такшалмасына кабыл алуу башталды!

Окууга «Мой О!» менен даярданабыз: 95 сомдон тарифтер, окуу акысын төлөө жана кешбэк
Бардык жаңылыктар