Роуминг

Роуминг

Роуминг

«Роуминг» кызматы корпоративдик абоненттерге чет өлкөдө жүргөн убакта өз телефон номерин сактоону мүмкүн кылат.

«Роуминг» кызматы Сизге дайыма байланышта болууга – каалаган убакта иштеги өнөктөштөр, жакындар жана досторуңуз менен байланышууга мүмкүндүк берет.

Корпоративдик абоненттерге төмөнкү кызматтар жеткиликтүү:

Кирүүчү жана чыгуучу добуштук чалуулар

SMS –билдирүүлөр менен алмашуу

3G жана LTE түйүндөрүндө Интернет-роуминг

Корпоративдик абонент «Интернет - роуминг» кызматына кошулуусу үчүн өз корпоративдик тобунун координаторуна кайрылышы керек.

Чет өлкөгө чыгардан мурун кошумча чыгымдарды алып келе турган кайра даректөөлөрдүн бардык түрлөрүн өчүрүү сунушталат.

Роуминг үчүн жеткиликтүү багыттардын тизмеси.

Ал үчүн арзаныраак тарифтер иштеп жаткан оператордун түйүнүндө роумингде катталуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу зарыл:

1. Роумингде жеткиликтүү багыттардын тизмеси бөлүмүнөн Сиз барууну пландаштырып жаткан өлкөдөн арзан тарифтери бар оператордун түйүнүн табыңыз;

2. Бара турган жайыңызга келгенде, телефон О! мобилдик операторунун абоненттерине «Роуминг» кызматын көрсөтө турган түйүндөрдүн ичинен бирөөсүнө автоматтык түрдө катталат;

3. Эгер Сиздин телефон автоматтык түрдө тандаган түйүн менен арзан тарифтери бар оператордун түйүнүн аталышы айырмаланса, Сиз телефондун менюсу: «Настройки» - «Оператор» - «Название оператора» аркылуу кол менен керектүү түйүнгө кайра кошушуңуз керек.

4. Каалабаган түйүндөрдө кайра каттоо болбошун контролдоо керек, себеби арзан тарифи бар түйүндүн сигналы алсыз болсо (шаардын тыгыз курулушу,  метрополитен станциясы, калктуу райондордон алыс жайга барганда), телефон каттоону сигналы күчтүүрөөк түйүндө аткарышы мүмкүн.

Кээ бир өлкөлөрдө узак жүрүп калган учурда сиздин телефонуңуз иштебей калышы мүмкүн. Бул өлкөлөрдүн мыйзамдарына ылайык, аткезчилик жана телефондук аппараттарды уурдоонун алдын алуу үчүн телефондук аппараттарды жергиликтүү уюлдук операторлордун кеңселеринде каттоо (акылуу негизде) каралган, андай болбосо катталбаган телефон алардын түйүндөрүндө тейленбейт.

«Интернет-Роуминг»

«Интернет-Роуминг» кызматы интернет трафикти роумингде берүүнү жеткиликтүү кылат, ал  Сизге чет өлкөдө жүргөн учурда билдирүүлөрдү (Viber, Telegram, What’s App ж.б.), алып-берүүнү колдонууга, видео чалууларды жасоого, сүрөттөр жана видеофайлдар менен социалдык тармактарда бөлүшүүгө мүмкүндүк берет.

Корпоративдик абонент «Интернет - роуминг» кызматына кошулуусу үчүн өз корпоративдик тобунун координаторуна кайрылышы керек.

«Интернет-роуминг» кызматын колдонуу үчүн имя точки доступа/ (APN): internet тууралоо керек.

«Интернет-роуминг» үчүн багыттардын тизмеси».. Тарифтердин баалары КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү.

«Интернет-роуминг» кызматы үчүн кененирээк.

О! мобилдик оператору менен саякаттоо пайдалуу!