Башка түйүндөргө мүнөттөр

Башка түйүндөргө мүнөттөр

Башка түйүндѳргѳ чалуулар үчүн мүнѳттѳр керекпи?

Түйүн сыртындагы мүнѳттѳрдүн пакетин кошуп, КР башка мобилдик операторлорунун номерлерине пайдалуу чалууларды ишке ашырыӊыз.

Башка түйүндѳргѳ 10 мүнѳттѳн турган пакетти кошуу үчүн (баасы 25 сом) *545*10# командасын териӊиз.

Башка түйүндѳргѳ 20 мүнѳттѳн турган пакетти кошуу үчүн (баасы 50 сом). *545*20# командасын териӊиз.

Кошулган пакеттин ичиндеги мүнѳттѳрдүн калдыгын текшерүү үчүн *728*9# териӊиз.

Пакеттердин иштѳѳсүнүн автоматтык түрдѳ узартылышын ѳчүрүп салуу үчүн (абоненттик тѳлѳмдү алуу) *545*0# териӊиз.

Кызматтын шарттары:

  • Кошуу «Переходи на О!» жана «Твой суперноль» тарифтеринин популярдуу топтомдорунун бардык абоненттерине жеткиликтүү;
  • Абоненттик тѳлѳмдү алуу тѳмѳнкүдѳй жол менен ишке ашат:

    - Биринчи алуу – пакетти кошуу учурунда;

    - Экинчи жана кезектеги алуулар – тариф үчүн абоненттик тѳлѳмдү алуудан кийин дароо эле, автоматтык түрдѳ (баланста тариф үчүн абоненттик тѳлѳм + кошулган пакет үчүн тѳлѳмгѳ барабар же андан жогору сумма болгон учурда гана).
  • Мүнѳттѳрдүн бир нече пакетин кошуп алууга болот, мындай учурда мүнѳттѳр кошулуп, абоненттик тѳлѳм акыркы кошулган пакет үчүн алынат.
  • Мүнѳттѳрдүн пакеттеринин жарамдуулук мѳѳнѳтү – сиздин тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳм алынганга чейин.
  • Эгерде тариф үчүн абоненттик тѳлѳм автоматтык түрдѳ алынган учурда баланста пакет үчүн абоненттик тѳлѳмдү алууга каражат жетишсиз болсо, анда түйүн сыртындагы мүнѳттѳрдүн пакетинин иштѳѳсүн автоматтык түрдѳ узартуу токтотулат. Бул абалда түйүн сыртындагы чалууларды тарифтѳѳ иштеп жаткан башка кызматтар менен акциялар кошулуп, тарифтик пландын шарттарына ылайык, тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин ишке ашырылат. Түйүн сыртындагы мүнѳттѳрдүн пакетин кайра жаӊылоо үчүн баланста пакет үчүн абоненттик тѳлѳмдүн суммасына барабар же андан ашык каражат болууга тийиш, ошондой эле керектүү пакетти кошуу үчүн - 10 мүнѳт: *545*10#, 20 мүнѳт: *545*20# командасын кайталап терүү зарыл;
  • Пакеттин иштѳѳсүнүн автоматтык түрдѳ узартылышын ѳчүргѳн учурда, түйүн сыртындагы мүнѳттѳрдүн жалпы калдыгы сакталат жана сиздин тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу убактысына чейин жеткиликтүү бойдон калат.
  • Пакеттер иштеп жаткан учурда башка тарифке ѳтүү абалында, башка түйүндѳргѳ чалуулар үчүн мүнѳттѳрдүн калдыгы күйүп кетет.
  • Баасы бардык салыктарды эске алуу менен кѳрсѳтүлгѳн.