Акыркы жаңылыктар
Белгилүү кыргызстандык блогер Николай Гладков жакында эле смартфонуна eSIM орнотуп, анын артыкчылыктарына баа берди.
«Бул менин жаңы технологиялардын дүйнөсүнө жасаган кадамым. Ооба, бир аз кечирээк киришип калганымды моюнга алам. Анткени Кыргызстанда сервис эки жылдан бери көрсөтүлүп келет. Эң сонун экен, eSIMди зыянга учуратуу, жоготуу же түзүлүшкө туура эмес орнотуп алуу коркунучу жок. Номерди же операторду алмаштырыш үчүн эч кандай ийне, скрепка издөөнүн же деги эле түзүлүштү ачуунун зарылдыгы жок. Чет өлкөгө барганда дагы бир номер, маселен, жергиликтүү оператордун номерин салып алып, кийин кайра түзүлүштү ачып отурбастан аны алып койсо болот. Баса, эң башкы артыкчылыгы – eSIMди мага O!Store дүкөнүнөн 5 эле мүнөттө акысыз кошуп беришти. Эң сонун кызмат!», – деп бөлүштү Николай.
Кошумчалай кетчү нерсе, eSIMдин дагы бир жакшы жагы - бир нече номер колдонгон абоненттер жумуш жана жеке номерлерин бири-биринен айырмалап колдоно алышат. Бул өзгөчө, эки сим-карта салынбаган айрым iPhone моделдерин колдонгондор үчүн абдан ыңгайлуу.
Сиз да eSIM колдонуп көрүүнү каалайсызбы?
Анда o.kg сайтына кирип, смартфонуңузда бул технологиянын камтылып-камтылбаганын текшерип көрүңүз. Эгер камтылса, анда паспортуңузду алып, каалаган O!Store дүкөнүнө кириңиз да, акысыз коштуруп алыңыз.
О! тармагында өзүңүз үчүн ыңгайлуу бир жумада же 4 жумада бир төлөнүүчү тарифти тандаңыз. o.kg сайтынан смартфондор үчүн атайы сунуштарды: О! тармагында акысыз байланыш каралган үнөмдүү топтомдордон тарта, мобилдик ТВ жана кинотеатрлары менен чексиздикке чейинки тарифтерди, пайдалуу үй-бүлөлүк топтомдорду, роутерлер, модемдер жана акылдуу түзүлүштөр үчүн ылайыктуу варианттарды таба аласыз.
Бул жана башка кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн o.kg сайтына баш багыңыз.
O! – сенин смартфонуңа арналган тармак.

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар