Акыркы жаңылыктар

O! Мобилдик операторунун eSIM кызматы аркылуу Кыргыз Республикасында байланышка кошулуу ар бир чет өлкөлүк жаран үчүн жеткиликтүү. Бул үчүн өз өлкөңүздүн паспорту эле жетиштүү. eSIM'ди оператордун кеңсесине барбастан, толугу менен онлайн тариздөөгө болот.
Саякатчылар үчүн O! eSIM'инин негизги артыкчылыктары:
100% онлайн тариздөө: Байланыш кеңсесин издөөнүн кереги жок — баары тез жана оңой.
Бардык өлкөнүн жарандарына жеткиликтүү: Чет өлкө паспортуңуз жетиштүү.
Узак мөөнөттүү милдеттенмелер жок: Байланышты өзүңүзгө керектүү мөөнөткө гана колдоносуз. Алты айга же бир жылга милдеттүү келишим түзүүнүн зарылдыгы жок.
Толук кандуу жергиликтүү номер: Эл аралык туристтик eSIM'дерден айырмаланып, интернет менен гана чектелбейт. O! eSIM аркылуу сиз жергиликтүү номерге ээ болуп, чалууларды жасап, SMS кабыл алып жана жөнөтүп, ошондой эле такси, банк жана жеткирүү кызматтарынын жергиликтүү колдонмолоруна оңой каттала аласыз.
Ыңгайлуу тарифтер: Кыргыз Республикасындагы байланыш дүйнөдөгү эң жеткиликтүү кызматтардын бири. Мисалы, акциянын алкагында 4 жумага чексиз тариф болгону 330 сомду (болжол менен 4 АКШ доллары) түзөт.
Кеңири камтуу аймагы: O! тармагы өлкөнүн калк жашаган аймагынын 99,8%ында ишенимдүү байланыш жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздайт.
Бул кантип иштейт:
1. «Мой О!» тиркемесин жүктөп алыңыз (муну алдын ала үйдөн же аэропорттон эле жасай аласыз).
2. «O! абоненти болуу» баскычын тандап, паспортуңуздагы маалыматтарды киргизүү менен каттоодон өтүңүз.
3. Өзүңүзгө ылайыктуу номерди жана тарифти тандаңыз.
4. Ыңгайлуу ыкма менен төлөм жасаңыз.
5. eSIM'ди активдештирүү үчүн QR-кодду алыңыз — орноткондон кийин номериңиз дароо иштей баштайт.
Көңүл буруңуз: eSIM'ди каттоо жана активдештирүү Кыргыз Республикасынын аймагына келгенден кийин, O! тармагынын камтуу аймагына кирген учурда жүргүзүлөт.
Эгер смартфонуңуз eSIM технологиясын колдобосо, кадимки пластикалык SIM-картаны каалаган O!Store дүкөнүнөн же промоутерлерден паспортуңуз менен сатып алып, каттатсаңыз болот.
O! колдоо кызматы күнү-түнү иштейт:
· Telegram: https://t.me/+996700000999
· WhatsApp: https://wa.me/996700000999
· o.kg сайтындагы онлайн-чат.
O! — Кыргызстандагы алгачкы мүнөттөн тартып ишенимдүү байланыш.
«НУР Телеком» ЖЧК. КР МТБМК алдындагы МБА лицензиялары: №16-0062-КР, №16-0063-КР 06.12.2016-ж.

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар