Акыркы жаңылыктар

Жай өтүп бара жатат – сиз дагы эле Ысык-Көлгө бара элексизби?
Пляждагы эң кыска сторис сыяктуу эле, көз ачып жумганча жайдын жарымы өтүп кетти.
Тезирээк биздин берметибизге келиңиз да, О! операторунан «Баарына чексиз» тарифин кошуп алыңыз. Идеалдуу эс алуу үчүн керектүүнүн баары бар: интернет – ушул жай сыяктуу тез жана биздин тоолорубуз менен көлдөрүбүзгө болгон сүйүүбүз сыяктуу чексиз. Болгону 500 сомго 4 жума бою байланышта болосуз. Ар бир кубанычтуу көз ирмем менен бөлүшүү үчүн идеалдуу.
Эмнелер камтылган:
Максималдуу ылдамдыктагы чексиз интернет;
Wi-Fi акысыз таратуу;
О! тармагында сүйлөшүүлөр үчүн чексиздик жана КР башка мобилдик тармактарына 100 мүнөт;
O!TV тиркемесинен акысыз мобилдик телевидение менен 200дөн ашуун ТВ-канал – сөзсүз кызыктуу нерсе табылат;
Жогорку сапатта жана жарнамасыз көрсөтүлгөн кыргыз фильмдери, сериалдары жана документтүү тасмалары менен акысыз Etnomedia онлайн-кинотеатры;
Кантип кошот?
«Мой О!» тиркемесине кириңиз – eSIMдин жардамы аркылуу бир нече баскыч менен, аралыктан жана кеңсеге барып отурбастан кошуп алыңыз. Болгону паспортуңуз талап кылынат.
Белекке +30 ГБ
eSIMди кошкон учурда +30 ГБ интернет белекке берилет. Анын ыңгайлуулугу – SIM-карта үчүн кошумча слотту ачыш үчүн ийне же төөнөгүч издөөгө зарылдык жоктугунда. Кыргызстанга келер замат байланышта болосуз.
Маанилүү: eSIMди Кыргызстанга келгенге чейин эле кошуп алса болот – байланыш кызматтарын активдештирүү Кыргыз Республикасынын аймагынан гана мүмкүн.
Абоненттик төлөмдүн баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты

ИТ-гигант ишин баштады: О! келечектеги лидерлер үчүн акы төлөнүүчү DataCamp программасын ишке киргизет
Бардык жаңылыктар