Акыркы жаңылыктар
Кыргызстанда О! тармагынын базасында алгачкы 5G тесттери кыялдануулардын ишке ашуусуна өбөлгө түзүүдө. Бешинчи муундагы технологиянын уникалдуу касиеттери буюмдар интернети, жасалма интеллект, медицина, айыл чарба, акылдуу шаар, өнөр жай, энергетика, билим берүү, бизнес жааттарында ири потенциалды ачууга жардам берет.
Мунун баары келечекте интеллектуалдык технологиялар колдонулган чөйрөлөрдөгү чыгымдарды азайтууга жардам бере алмакчы. Эксперттер 5G технологиясы айлана-чөйрөнү жана элдин саламаттыгын жакшыртууда, ресурстарды үнөмдөөдө, өндүрүш натыйжалуулугун жогорулатууда, демек, өндүрүлгөн продукциялардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда маанилүү роль ойной турганын айтууда. Кыргызстан үчүн бул абдан актуалдуу.
Энергияны үнөмдөө
Көпчүлүк үчүн аралыктан иштөө реалдуулукка айланган пандемия учурунда файлдарды сактоо максатында булут системасына өтүү ишканалардын энергияны керектөө көлөмүн кыйла азайтканы маалым.
Парник газдарынын чыгындыларынын азайтылышы
Күнүмдүк жумуш процесстери аз көмүртектүү технологиялардын жардамы аркылуу автоматташтырылып, натыйжада парник газдарынын чыгындылары да азаят. Бул болсо, өз кезегинде, климатка жакшы таасир этет. Глобалдуу изилдөөлөрдүн натыйжалары 5G технологиясы аркылуу 2030-жылга карата парник газдарынын чыгындыларынын 1,7 млрд тоннадан ашык көлөмдө азая турганын көрсөтүүдө.
О! тармагындѳгү 5G жаӊылыктары менен компаниянын Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларынан таанышып туруӊуздар. Сиздерди кызыктуу кѳп нерсе күтѳт.

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет!

Шакиранын концертинин бий партерине 30% арзандатуу: бүгүн гана O!Market'те жетишип калыңыз

Шакиранын концертине үлгүрүңүз! «Мой О!» тиркемесиндеги O!Market аркылуу 10% кешбэк

О! оператору Түндүк – Түштүк унаа жолунун «Көк-Арт» стратегиялык КӨПүн байланыш менен камсыздады
Бардык жаңылыктар