Кыргызча
19 февраля 2019

Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик оператору Чүй облусундагы 4G тармагынын ишин жакшыртты: 140тан ашуун жаңы LTE базалары ишке киргизилди

143 калктуу пункттардын тургундары О! түйүнүнүн байланыш сапатынын жакшыргандыгын сезе алышат.

«НУР Телеком» ЖЧК (О! Мобилдик оператор) 4G LTE тармагынын камтуусун көбөйтүүгө жана бүт өлкө боюнча маалыматтарды берүү ылдамдыгын жогорулатууга багытталган мобилдик тармакты модернизациялоонун масштабдуу долбоорун ишке ашырып жаткандыгын билдирет. Жакында эле оператор Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында сигналды күчөткөндүгү тууралуу маалымдаган.

О! Мобилдик операторунун жакын арада аткарылган техникалык жумуштары Чүй облусунун Аламүдүн, Ысык-Ата, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Чүй, ошондой эле Сокулук райондорунда жүрдү. 143 калктуу пункттардын тургундары О! тармагынын байланыш сапатынын жакшыргандыгын сезе алышат:

Кайырма, Молдовановка, Мраморное, Рассвет, Виноградное, Полевое, Привольное, Гроздь, Ат-Башы, Бирдик, Вторая пятилетка, Дачное, Константиновка, Мыкан, Чуйское, Арчалы, Байгелди, Баш-Кара-Суу, Озерное, Степное, Заречное, Малиновка, Сүймөнкул Чокморов атындагы, Кой-Таш, Беш-Күнгөй, Подгорное, Прохладное, Таш-Мойнок, Ак-Кудук, Котовское, Первомайское, Гагарин атындагы, Жээк, Кең-Булуң, Гидростроитель, Дружба, Чолпон, Кеңеш, Люксембург, Рот-Фронт, Советское, Сары-Жон, Юрьевка, Жер-Казар, Дружба, Нижний Норус, Алексеевка, Жайыл, Калининское, Петропавловка, Кызыл-Дыйкан, Айдарбек, Ак-Башат, Арал, Малтабар, Орто-Суу, Жекен, Ийри-Суу, Федоровка, Сары-Булак, Моңолдор, Сосновка, Бөксө-Жол, Кызыл-Суу, Борду, Боролдой, Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Алтымыш, Кайыңды, Тегирменти, Кичи-Кемин, Кызыл-Октябрь, Белый-Пикет, Кашкелең, Сасык-Булак, Ударник, Чым-Коргон, Новомихайловка, Самансур, Шабдан, Калмак-Ашуу, Кызыл-Байрак, Тар-Суу, Төрт-Күл, Төмөн-Суу, Бала-Айылчы, Көпүрө-Арык, Беш-Өрүк, Кош-Дөбө, Заводское, Кызыл-Туу, Большевик, Заря, Вознесеновка, Киров атындагы, Панфиловское, Эфиронос, Манас, Лесное, Жаңы-Жер, Верхневосточное, Западное, Зеленое, Нижневосточное, Жаңы-Пахта, Заря, Майское, Мирный, Малая, Шалта, Арал Ближний, Арал Дальний, Кызыл-Туу, Кара-Сакал, Маловодное, Новое, Токбай, Нижнечуйское, Мирное, Садовое, Северное, Талтак, Кашка-Баш, Сарбан, Селекционное, Комсомольское, Озерное, Студенческое, Чат-Көл, Жаңы-Жол, Дөң-Арык, Алга, Бурана, Мээнеткеч, Кара-Дөбө, Восточное, Жаңы-Турмуш, Искра, Кегети, Кош-Коргон, Жаңы-Чек.

«О! тармагындагү мобилдик интернетти керектөө акыркы 3 жылдын ичинде дээрлик 6 эсеге өстү. Аны менен бирге О! тармагындагү 4G LTE сыйымдуулугунун өскөндүгүн да байкаса болот , бүгүн биздин техникалык адистердин аракеттеринин натыйжасында, Кыргызстандын жалпы тургундарынын 81%ынан ашууну жогорку ылдамдыктагы стандарт менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатат. Бул багыттагы жумуш дайыма жүрүп турат», – деп белгиледи, О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

4G LTE – бул мобилдик түзүлүштөрдө сайттарды, фото жана видеолорду жогорку ылдамдыкта жуктөө болуп саналат. Тармактагү “төртүнчү муундун” сервистерин колдонуу үчүн LTE технологияларын кармаган мобилдик түзүлүшкө ээ болуу жетиштүү болот. О! кеңселеринин жана O!Store дүкөндөрүнүн кардарлары пайдалуу сунуштардан пайдаланып, смартфондорду жагымдуу баага сатып ала алышат.

4G лидеринен кошуп ал!

О! тармагын камтуу аймактары менен https://o.kg/ru/zona-pokrytija/ шилтемесинен аркылуу таанышса болот.