Акыркы жаңылыктар
Жылдын башынан бери О! мобилдик операторунан кеңири тилкелүү 4G LTE мобилдик интернет өлкөнүн 1000ден ашык алыскы калктуу пункттарында жашаган жүз миңдеген кыргызстандыктарга жеткиликтүү болуп калды. Төртүнчү муундагы тармактын камтуусун көбөйтүү жана сыйымдуулугун кеңейтүүгө багытталган масштабдуу техникалык долбоор азыр да улантылууда. Жакында эле 4G LTE технологиясы дагы 30 миңден ашуун кыргызстандыктарды жогорку ылдамдыктагы интернет менен камтуу менен кийинки облустардын айылдарында жеткиликтүү болуп калды:
Ысык-Көл облусу: Талды-Суу, Ичке-Суу, Шаты;
Жалал-Абад облусу: Ажек, Үч-Булак, Чие, Бүргөндү, Кызыл-Кыя;
Баткен облусу: Кара-Булак, Достук;
Ош облусу: Керкидан, Адыр;
Чүй облусу: Татыр, Жел-Арык, Орто-Кайырма, Кошой, Кош-Кашат.
«Тармактын негизги тренддеринин катарында биз төртүнчү муундун тармагынө интернет-трафиктин туруктуу миграциясын көрөбүз. Бул ири шаарларга гана мүнөздүү эмес, Кыргызстандын жалпы аймагындагы кичи калктуу пункттар үчүн да тиешелүү. LTE-технологиясынын негизиндеги кызматтардын керектөөлөрдүн саны эселеп өсүп жаткандыгына байланыштуу, биздин негизги милдетибиз – эң алыс жайгашкан аймактарды дагы 4G интернет менен камсыз кылуу болуп саналат», – деп белгиледи О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.
О! тармагынын 4G/3G/2G стандарттарындагы толук камтуу картасы менен www.o.kg сайтынын Тармак камтыган аймак бөлүмүнөн таанышса болот. Кыргызстандын башка облустарындагы байланыш сапатын жакшыртуу жана ылдамдыктарын көбөйтүү боюнча жаңылыктарды «О! тармагынын өнүгүүсү» бөлүмүнөн табасыз.
Лидерден 4G сигналын күйгүз!
***
О! операторунун 4G LTE-тармагы – Кыргызстандагы 4G LTE камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидер.

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар
Бардык жаңылыктар