Акыркы жаңылыктар
Өлкөбүздө өтө тездик менен санариптештирүү жүрүп жатат, ал эми О! Мобилдик оператору мобилдик кеңири тилкелүү технологиянын камтуусун кеңейтүүнү талыкпай улантууда.
Бүт өлкө боюнча 4G LTE тармагын камтууну көбөйтүү боюнча масштабдуу долбоордун алкагында компания беш жүздөн ашуун айыл тургундарын жогорку ылдамдыктагы 4G-интернети менен камсыз кылды. Жакында эле техникалык адистер тарабынан аткарылган жумуштар жогорку ылдамдыктагы 4G LTE-интернеттин үзгүлтүксүз иштөөсүн дагы 26 калктуу пункттарында жолго койду:
Чүй облусу: Спартак;
Ысык-Көл облусу: Ак-Дөбө, Ак-Сай;
Жалал-Абад облусу: Өрүктү-Сай, Чоң-Курулуш, Интернационал, Чертак-Таш, Боз-Чычкан, Беш-Мойнок, Түрк-Маала, Бууракан, Жар-Таш, Чеч-Дөбө, Чоргочу, Көтөрмө,Сузак районундагы Жар-Кыштак, Ноокен районундагы Арал;
Ош облусу: Кара-Шоро, Арпа-Тектир, Первое Мая, Жаңы-Талап, Жийде, Ачык-Суу, Кара-Кулжа районундагы Кеңеш;
Баткен облусу: Кара-Суу, Лейлек.
«Төртүнчү муундун тармактарынүн жогорку ылдамдыктагы мүмкүнчүлүктөрү кичи калктуу пункттарда абдан актуалдуу, анткени айылдарда мобилдик интернет глобалдык тармакка кирүүнү уюштуруунун эң мыкты, кээде бирден-бир гана мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Биз шаар менен айылдын ортосундагы санариптик теңсиздикти төмөндөтүү боюнча республикалык программаны ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөтүүбүздү улантуудабыз», – деп О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко жаңы ишке киргизүүлөр тууралуу түшүндүрмө берди.
О! тармагынын 4G/3G/2G стандарттарындагы толук камтуу картасы менен www.o.kg сайтынын Тармак камтыган аймак бөлүмүнөн таанышса болот. Кыргызстандын башка облустарындагы байланыш сапатын жакшыртуу жана ылдамдыктарын көбөйтүү боюнча жаңылыктарды «О! тармагынын өнүгүүсү» бөлүмүнөн табасыз.
Лидерден 4G сигналын күйгүз!
***
О! операторунун 4G LTE-тармагы– Кыргызстандагы 4G/LTE камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидер.

Үйрөнчүктөрдөн санариптик дүйнөнүн архитекторлоруна чейин: О! экосистемасын жараткандардын тарыхы

Мектепке чейин 10 күн калды: HONOR сатып алууга жана O!Store'дон белек алууга үлгүрүңүз

O!TV’де Amediateka: HBO Max фильмдерин Кыргызстанда көрүңүз

Суу өткөрбөс каптама белекке: O!Store Ысык-Көлдө жайкы акциясын баштады
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар