Акыркы жаңылыктар
Каармандыгы менен белгилүү кыркынчы жылдарды, согушту башынан өткөргөн кишилерди эскерүү – биз үчүн, Улуу Жеңиштин мураскерлери үчүн абдан маанилүү. Улуу Ата Мекендик согуштун учурундагы алардын патриоттуулугу, жан аябаган эрдиктери жана эмгектеги жетишкендиктери биздин эсибизде түбөлүккө сакталат.
Улуу Жеңишке жеткирген даңктуу баатырларыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдирүү ар бирибиздин колубузда.
Ар бириңер, урматтуу окурмандар жана Кыргызстандын тургундары ардагерлерге кубаныч тартуулап, колуңардан келген жардамды бере аласыңар. Муну салтка ылайык О! Мобилдик оператору уюштуруп жаткан «Жеңиш Күнү» кайрымдуулук акциясына катышуу менен оңой эле аткарса болот. 1945 номерине SMS жөнөтүп же чалуу менен сиз ардагерлерди колдоого 20 сом которосуз.
«О! тармагынын абоненттери мындай каражаттарды топтоо боюнча иш-чарага активдүү катышып келишкен. Биз бир жыл эмес, бир топ жылдан бери марафонго катышып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине даректүү жардам берип келген ар бир кишиге ыраазычылык билдиребиз. Биз жалпы аракетибиз менен мурунку жылдардагыдай эле аларга колдон келген жардамыбызды бере алабыз деп ишенебиз», - деп, О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко белгилеп кетти.
Бул Акция көп жылдардан бери уюштурулуп келет. 2017-жылдын марафону кандай өткөндүгү тууралуу бул жерден окусаңыз болот. Быйылкы кайрымдуулук марафону 11-май күнүнө чейин узартылат. Ал аяктагандан кийин бардык топтолгон каражаттар “Кыргыз Республикасынын согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана ооруктагы эмгекчилердин Республикалык Кеңеши” Коомдук Бирикмесиндеги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бирдей бөлүштүрүү үчүн даректүү өткөрүлүп берилет.
Акция тууралуу отчетту мурдагы жылдардагыдай эле www.o.kg расмий сайтынан жана Кыргызстандын алдыңкы басма сөз каражаттарынан окуй аласыздар.

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар