Акыркы жаңылыктар
Окуу жылынын аралыктан окутуу режими менен башталуусунан улам, кайрадан жүктѳлгѳн гигабайттар менен добуштук трафиктин ѳсүшү ишке ашты. Бирок О! мобилдик операторунун тармагы мындай абалга алдын ала даярдык кѳргѳн.
Кыргызстандын президенти тарабынан «Аймактарды ѳнүктүрүү, ѳлкѳнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланган 2020-жылы О! операторунан жогорку ылдамдыктагы 4G LTE мобилдик интернет Кыргызстан калкынын 98%дан кѳп бѳлүгүнѳ жеткиликтүү болсо, балдар – окуу үчүн акысыз кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болушту.
Ѳткѳн айда тармактын сыйымдуулугу 4G стандартынын диапазонунда кыйла кеӊейтилди. Ѳлкѳнүн калк жыш жайгашкан айыл аймактарына жана маанилүү жүктѳмгѳ ээ жерлерге кѳбүрѳѳк басым жасалды. Жакшырууну тѳмѳнкү калктуу аймактардын жашоочулары сезе алышты:
«Азыр да, обочолонуу учурундагыдай эле, абоненттердин кѳбү иштеп, аралыктан окуп жатышат, оор видеолорду кѳрүүдѳ, мессенджерлер менен стримингдик кызматтарды активдүү колдонууда. Бүгүнкү күндѳ трафикти керектѳѳнүн ѳсүшү биз үчүн кандайдыр бир ѳзгѳчѳлүк болуп эсептелбейт», - деп белгилейт О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко. – Ошентсе да биз абалдын ѳнүгүүсүн кѳзѳмѳлдѳѳнү улантуу менен абоненттердин жайлуулугун кѳз жаздымда калтырбастан, жеке пландарыбызды тууралап жатабыз».
Кененирээк маалымат жана камтуу аймагы менен o.kg сайтынан таанышууга болот.

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!

О!'дон 95 жана 175 сомдук тарифтер – жөн гана түйүндөгү старт. Анын артында бүтүндөй экосистема турат
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайм

Байланыш, финансы, кешбэк: Чет өлкөгө саякаттоо үчүн «Мой О!» бир супераппы керек
Бардык жаңылыктар