Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору 4G LTE тармагын модернизациялоо боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашырууну улантат. Аткарылган иштердин натыйжасында маалымат ѳткѳрүүнүн ылдамдыгы, ошондой эле добуштук байланыштын сапаты жогорулады. Жакшыртуу боюнча иштер жарым миллиондон ашык кыргызстандык жашаган 140ка жакын калктуу пунктта жүргүзүлдү:
«Акыркы жылда жашообуз толугу менен интернетке топтолуп калганын: аралыктан окуу, аралыктан иштѳѳ, медицина кызматкерлеринен онлайн консультация алуу, мамлекеттик кызматтарды онлайн алуу ж.б. эске алганда, биздин башкы милдетибиз абоненттерибиздин кѳнүмүш жашоосуна максималдуу түрдѳ таасир этүү менен тармакты модернизациялоо болуп калды жана алдыда да боло бормекчи. Бардык иштер чекиттерде, кѳбүнчѳ түнкүсүн жана сѳзсүз түрдѳ тармакты ѳнүктүрүү боюнча пландарды түзүү үчүн негиз болгон абоненттердин кайрылууларын эске алуу менен жүргүзүлѳт. Мындай комплекстүү иштин натыйжасында Кыргызстандын жашоочулары менен коноктору ар дайым туруктуу байланыш, жогорку ылдамдыктагы маалымат ѳткѳрүү жана сапаттуу добуштук байланыш кызматтарынан пайдалана алышат», - деп белгилейт О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.
О! Мобилдик оператору – ѳлкѳнүн 99%дан ашык калкы жашаган камтуу аймагында 4G/3G/2G тармакдѳрүнүн камтылышы жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын лидери. Камтуу картасы жана О! тармагынын ѳнүгүүсү жѳнүндѳ регулярдуу жаӊылыктар www.o.kg сайтында жеткиликтүү. Биз менен Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлѳр аркылуу байланышууга болот. Социалдык медиалардан тышкары, О! абоненттерине күнү-түнү колдоо кѳрсѳтүү кызматы WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot жана www.o.kg сайтында онлайн-чат аркылуу берилет.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! + O!Bank кардарлары үчүн эскертме: Смартфонуңузду уурдап кетишсе, эмне кылуу керек?

О! бүткүл өлкө боюнча 4G LTE тармагын күчөтөт: ылдамдык жана камтуу андан дагы көбүрөөк

O!Store'до техника жана аксессуарларга 50%га чейинки укмуштуудай арзандатуулар!

O!Store дүкөндөр тармагы – 10 жыл: чоң юбилей жана 10 баалуу белек!
Бардык жаңылыктар