Акыркы жаңылыктар
Коронавирус менен күрөшүүгө байланыштуу кыйынчылыктарга, чек аралардын жабык экендигине карабастан О! Мобилдик оператору тармактын өнүгүүсүнө инвестиция тартууну улантууда, ал эми техникалык адистер – О! операторунун 4G LTE-тармагынын камтуусу менен сыйымдуулугун көбөйтүү багытындагы пландуу иштерин жүргүзүүдө. Июнь айында төмөнкү калктуу пункттардын тургундары байланыш сапатынын жакшыргандыгын байкай алышты:
Чүй облусу: Аламүдүн, Самансур, Карл Маркс атындагы айылдар, «Манас» аэропортунун аймагы, ошондой эле «Акыл-Ордо» жаңы конушу;
Ысык-Көл облусу: Каракол, Балыкчы шаарлары, Кош-Көл, Пионер, Жергез, Орлиное, Тамга, Кичи-Жаргылчак, Кызыл-Суу айылдары;
Талас облусу: Арашан айылы;
Нарын облусу: Байзак айылы;
Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад, Кара-Көл шаарлары, Арсланбоб, Пригородный, Чеке-Дөбө, Казарман айылдары;
Ош облусу: Ош, Ноокат шаарлары жана Тогуз-Булак, Кара-Сөгөт, Борбаш, Нарай, Араван, Ош, Шарк, Араван айылдары.
О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко абоненттердин активдүүлүгүнүн «карантиндик» өсүүсү жыл сайын 2 эсе өсүп туруучу интернет-трафиктин фонунда жүрүп жаткандыгын белгиледи. Бул колдонуучулардын жогорку тактыктагы «оор» видеолорго кызыгууларынын пайда болуусунан, LTE мобилдик тармактарынүн өнүгүп жаткандыгынан жана жалпысынан санариптик көндүмдөрдүн өзгөрүүсүнөн болуп жатат.
Жаңы «Переходи на О!» линейкасы менен «СУПЕРХАЙП + YouTube» акциясы иштегенге, квалификациясын жогорулатканга, көңүл ачууларга жана жөн гана баарлашуугу мурункудан да көбүрөөк интернет керек болгон абоненттердин жаңы керектөөлөрү менен жашоо образын эске алуу аркылуу иштелип чыкты.
Бүгүнкү күндө О! Мобилдик операторунун 4G LTE-интернетинин ишенимдүү камтыган аймагында Кыргызстандын 97%ынан ашуун тургундар жашайт. О! тармагынын камтуу картасы менен О! тармагынын өнүгүүсү тууралуу жаңылыктар www.o.kg сайтында жайгаштырылган.

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар
Бардык жаңылыктар