Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору жаңы «504» префиксин ишке киргизип жатат.
Жаңы префиксти ишке киргизүү үчүн жабдуулардын бардык ырастоолору аяктады. Муну менен кошо «Менин жаңы номерим» кызматын эркин көрсөтүү үчүн номерлердин ири базасы даярдалып бүттү, анын жардамы менен абоненттер сандардын каалаган комбинациясынан номерди тандап жана сатып ала алышат.
– Биз О! Мобилдик операторунун тармагынө «Кош келиңиздер!» демекчибиз, – деди компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко. – Оператор былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл тармактын сыйымдуулугун 2 эсеге көбөйттү, анын аркасы менен жалпы республика боюнча калкты 96 пайызга чейин 4G LTE стандартындагы жогорку ылдамдыктагы интернет менен камтуу мүмкүн болду. Жаңы номердик сыйымдуулукту киргизүү дагы О! тармагынын абоненттик базасынын өсүшү менен шартталган.
О! тармагындагү жаңы номер – бул тандоонун көбүрөөк эркиндиги, баары үчүн ыңгайлуу жана жөнөкөй тарифтер, бул жогорку ылдамдыктагы чексиз интернет менен пайдалуу колдонуу, 150дөн ашуун ТВ-каналын көрүү, ошондой эле популярдуу «Переходи на О!» тарифтери менен бардык мобилдик номерлерге чалуу.
Бүгүн О! Мобилдик оператору мобилдик байланыштын төмөнкү коддоруна ээ: (500, 501, 502, 504, 505, 507, 508, 509) жана (700, 701, 702, 703, 704, 705, 706, 707, 708, 709).
О! Мобилдик операторунун жаңы – «504» коду менен жеңил кадам ташта.
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Сапатка инвестиция: О! өлкө боюнча LTE түйүнүн кыйла күчөттү

Чет өлкөлүктөр үчүн O! байланышы: eSIM онлайн же SIM-карта — каалаган өлкөнүн паспорту менен

Bishkek Park'тагы жаңы O!Store + O!Bank: кардарларды өзгөчө акциялар күтөт!

О! эскертет: «SIM-картаңыздын колдонуу мөөнөтү бүттү» деген билдирүү – алдамчылык!
Бардык жаңылыктар