Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору түзүлүштөрү eSIM технологиясын камтыган абоненттерди инновациялык технологияны кошуп, анын бардык артыкчылыктарын байкап көрүүгө чакырат.
eSIM деген эмне?
eSIM (Embedded SIM – «орнотулган SIM-карта») – бул түзүлүштүн өзүндө орун алган SIM-картанын виртуалдуу профили. Аны чыгаруу же өчүрүп салуу мүмкүн эмес.
eSIMдин артыкчылыктары
eSIMдин функционалына бир нече номер колдонгон абоненттер татыктуу баа бере алышат – жаңылык эки смартфон колдонуу зарылчылыгынан арылтат. Муну менен катар, SIM-картанын форматы (mini, micro, nano) тууралуу да ойлонбой эле койсо болот.
Технология Internet of Things (Буюмдардын интернети), түзүлүштөр – трекерлер, ноутбуктар, «акылдуу үй» компоненттери (сигнализациялар, датчиктер, видеокамералар, тиричилик техникасы ж.б.) үчүн перспективалуу.
Башкы артыкчылыктарынын бири – смартфон ээлери үчүн коопсуздук: түзүлүштү уурдап кеткен учурда аны кайра колдонуу өтө эле татаал болуп калат. Түзүлүшкө жаңы профилди жүктөп, эскисин өчүрүп салуу мүмкүнчүлүгү виртуалдуу SIMдин ээсинде гана бар. Смартфон уурдалган учурда кылмышкер үчүн баалуу буюм боло албайт. Телефондон eSIM чыгарылбайт, демек, түзүлүштү жеке максаттарда пайдалануу да мүмкүн болбойт.
Колдонулушу жагынан eSIM кадимки SIM-картадан эч нерсеси менен айырмаланбайт.
eSIMди кантип кошууга болот?
Паспорт менен O!Store дүкөндөрүнүн бирине келип, түзүлүштүн ырастоолорунан eSIMди активдештирүү үчүн уникалдуу QR-кодду алыш керек. Активдештирүүнүн баасы – салыктарды эске алуу менен 100 сомду түзөт. Эгерде түзүлүшүңүздө eSIM функциясы бар болсо, кадимки SIM-картанын ордуна колдонуп жаткан О! номериңизди eSIMге кошо аласыз.
eSIM технологиясын камтыган түзүлүштөрдүн моделдеринин тизмесин шилтемеден таба аласыз.

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты

ИТ-гигант ишин баштады: О! келечектеги лидерлер үчүн акы төлөнүүчү DataCamp программасын ишке киргизет
Бардык жаңылыктар