Акыркы жаңылыктар
Кыргызстандын мектептери, ЖОЖДору, техникумдары окутуунун дистанциондук форматына өтүүдө жаңы чакырыктарды кабыл алышты. О! Мобилдик оператору мугалимдерге, окуучуларга жана студенттерге кризистен чыгууга гана жардам бербестен, келечекке карата максималдуу туруктуу тутумдарды түзүүгө да көмөк берүүдө.
Эми дистанциондук окутуу үчүн бардык «Мугалим 200», «Окуучу» жана «Студент Онлайн» тарифтеринде дүйнөлүк билим берүү платформасынын бири - «ЯКласс» АКЫСЫЗ жеткиликтүү.
«ЯКласс» платформасынын артыкчылыктары:
Бул тапшырмалардын жана видеолордун эң ири базасы,
Ар бир көнүгүүнү чексиз жолу иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү,
Мугалим жана ата-энелер тарабынан контроль.
«ЯКласс» платформасынын уникалдуулугу анын базасында окуучулардын жана студенттердин ар кандай түрлөрүнө ылайык комплекстүү чечимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүндө болуп саналат. Сервис тесттерге эффективдүү даярдануу үчүн онлайн-көнүгүүлөрдү да камтыйт. Ал окуучулардын аракеттеринин ырааттуулугун көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле көчүрүп алуу көйгөйүн чечкен ар бир балага ылайыктуу уникалдуу тапшырмалардан турат. Портал мектептик программа боюнча онлайн-тренажёрлорду жана үй тапшырмаларын автоматтык түрдө текшерүүнү камтыйт. «ЯКласс» компаниясынын сайтында мектептик программанын 13 предметинен 1,6 трлн тапшырмалары жана видеосабактар жайгаштырылган.
«О! Мобилдик оператору алдыңкы гана онлайн-технологияларды жана мобилдик сервистерди киргизүү боюнча адистешип келет. Биз дистанциондук окутуу боюнча өнөктөштөрүбүз менен бирге эң алгач мугалимдердин эмгегин жеңилдетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө дагы бир куралды сунуштап жатабыз. «Якласс» окуучу үчүн окутуу процессинин эффективдүүрөөк болуусуна жардам берет, окуучу эми смартфондун жардамы менен гана ойнобостон, толук кандуу билим дагы ала алат», - деп белгиледи О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
Бүгүн «ЯКласс» платформасынын онлайн-аянтчасын Россиянын, Латвиянын, Армениянын, Австриянын, Финляндиянын, Германиянын, Казакстандын жана Беларусь Республикасынын 50 миң мектебинен 1 миллион окуучу жана 200 000 мугалим пайдаланууда.
Эми «ЯКласс» Кыргызстанда дагы!

O!Store’дон белектер: HONOR смартфонун сатып алууда 10 000 сомго чейин алыңыз

SIM-картанын колдонуу мөөнөтү чектелбейт: О! оператору сак болууга чакырат

O!Store'до «Жуманын товары»: Samsung жана Xiaomi'ден хиттерге жайкы арзандатуулар

Кыргызстан эмне үчүн дүйнөлүк трендге айланды жана өлкө боюнча саякаттоо үчүн кайсы eSIMди тандоо керек?

О! Мобилдик оператору абоненттерге эл аралык роумингде 5Gге жеткиликтүүлүктү ачты
Бардык жаңылыктар