Акыркы жаңылыктар

О! мобилдик оператору кыргызстандыктарга премиалдык номерлерге жаңы жылдык - 75% супер арзандатууну белек кылат!
Сандардын дал ошол айкалышын алып кетүүгө шашылыңыз. Маанилүү даталарды шифрлеп жана белгилүү бир сандарга өзгөчө маани берип, жакындарыңызга кооз телефон номерин беле кыла аласыз. Мындай номер биздин убакта дагы бир нече себептерден улам маанилүү:
Эстеп калуу оңой: Эстеп калуу оңой болгон номер байланыш алмашууну жеңилдетет жана кардарлар же тааныштар үчүн ыңгайлуу кылат.
Имидж: Уникалдуу номер ээсинин статусун баса белгилейт, айрыкча деталдары маанилүү болгон бизнесте.
Ыңгайлуулук: Кайталануучу же ырааттуу сандар терүүнү жеңилдетет, бул тез колдонуу үчүн актуалдуу.
Брендинг үчүн шайман: Компаниялар таанылышын жогорулатуу үчүн жарнамада кооз номерлерди көп колдонушат.
Кооз номер - бул ыңгайлуулукка, таанылууга жана стилге инвестиция!
Silver, Gold, VIP премиалдык категориядагы номерди жакшы арзандатуу менен сатып алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз.
Кантип алса болот?
Эгер сиз О! операторунун абоненти болсоңуз, сиз өзүңүзгө керектүү номердин жеткиликтүүлүгүн үйдөн чыкпай эле текшере аласыз. Бул үчүн: *212*0ХХХaaaaaa форматында жаңы номер# командасын териңиз. Эгерде номер бош болсо, аны дароо «Менин жаңы номерим» кызматы аркылуу *717*0ХХХaaaaaa форматында жаңы номер# командасын терүү менен сатып алыңыз, жөн гана балансыңызда сатып алуу үчүн керектүү сумма бар экенине ынаныңыз.
Эгер сиз О! операторунун абоненти боло элек болсоңуз, жаңы SIM-карта менен ыңгайлуу тарифти сатып алуу үчүн паспортуңуз менен жакынкы @ostore'го кирип кетиңиз. Жакынкы O!Store'дун дареги жана ыңгайлуу тарифтердин тизмеси менен бул жерден таанышсаңыз болот: o.kg
Акция бир нече күнгө гана созулат: 2024-жылдын 24-декабрынан 2025-жылдын 8-январына чейин.
2025-жылды жаңы кооз номер менен баштаңыз!
КР МТжБМК караштуу МБА лицензиялары: «НУР Телеком» ЖЧК 06.12.2016 №16-0062-КР жана №16-0063-КР

Бир экран: жакындарың, машинаң жана үйүң – баары көзөмөлдө

Алар O!Store'дон белектерин алышты – сиз да ала аласыз!

Ысык-Көлдө эко-жай: О! операторунун eSIM´и жаратылышты сактайт жана акчаңызды үнөмдөйт

«Мой О!» супертиркемесине нөл баланс менен да акысыз кирсеңиз болот
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Бардык жаңылыктар