Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик операторунун HR-командасы («НУР Телеком» ЖЧК) эл аралык WOW! HR 2025 бизнес-премиясынын High Performance номинациясында жеңүүчү болуп аталды. Салтанат Алматыда болуп өттү жана заманбап таланттарды башкаруу маданиятын калыптандыруучу алдыңкы аймактык компаниялардын башын бириктирди.
Бул жеңиш О! операторунун HR-командасынын эксперттүүлүгүн жана анын Кыргызстандагы эң ири IT-экосистемаларынын бирин өнүктүрүүдөгү ролун тастыктайт. Көрсөтүлгөн «Даамдуу иш-чаранын рецепти» долбоору калыстар тобун корпоративдик иш-чараларга кылдат мамилеси менен жана алар катышууну, мотивацияны жана командалык маанайды көтөрүүгө кандайча жардам бере тургандыгы менен таң калтырды. Долбоор ошондой эле – чын ыкластуулугу, энергиясы жана HR-чечимдери компаниянын атмосферасын кандайча өзгөртүп, натыйжаларга кандай таасир тийгизээри тууралуу тарыхы үчүн «Көрүүчүлөрдүн тандоосу сыйлыгын» алды.
– Бул биз үчүн чоң сыймык, – деди О! мобилдик операторунун кадрлар менен иштөө кызматынын жетекчиси Эркина Сарбашева. – Бул сыйлыкта жалпы команданын эмгеги чоң. Жеңиш далилдейт: адамдар берилгендик жана ырахат менен иштегенде, компания күчтөнөт. Биздин укмуштуудай командабыз үчүн жандуу окуяларды түзүүгө жардам берген ар бир адамга рахмат!
Жеңүүчү команданын бир бөлүгү болуңуз
О! Мобилдик оператору ар дайым чакырыктардан коркпогон жана жөн гана иштөөгө эмес, жеңишке жетүүгө даяр адистерди издейт. Эгерде сиз талантыңыздын бааланышын жана эмгегиңиздин натыйжа гана эмес, чын жүрөктөн ырахат тартуулашын кааласаңыз, анда бизге келиңиз!
О! командасы – бул тажрыйбалуу адистер жана карьерасын жаңыдан баштап жаткан амбициялуу жаңы келгендер үчүн мейкиндик. Бул жерде сиз эң сонун идеяларды ишке ашыра аласыз жана бул тармакта сапат стандарттарын белгилеген команданын мүчөсү боло аласыз. Компанияда иштөө тууралуу кененирээк сайттан окуй аласыз: o.kg
Актуалдуу вакансиялар – сайтта «О! операторунда иштөө» бөлүмүндө.
Резюмени hr@nurtelecom.kg электрондук почтасына жиберсеңиз болот.
О! – жеңүүчү команда. Кошулгула!
«НУР Телеком» ЖЧК КР МБА караштуу МТжБМК лицензиялары: 06.12.2016-ж. №16-0062-КР, №16-0063-КР.

«Мой О!» супертиркемесине нөл баланс менен да акысыз кирсеңиз болот
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Бакубаттыктын символу: О! базалык станциясында кунастар (илегилектер) дагы уя салды
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
Бардык жаңылыктар