Кыргызча
05 августа 2026

Акыркы жаңылыктар

О! Мобилдик оператору балансты кешбэк менен автотолуктоону ишке киргизди

О! Мобилдик оператору балансты кешбэк менен автотолуктоону ишке киргизди

Тез. Ыңгайлуу. Жөнөкөй.

О! Мобилдик оператору кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн жаңы чечимдерди сунуштоону улантып, «Мой О!» тиркемесинде жаңы «Акылдуу автотөлөм» кызматын ишке киргизди. Бул кызмат абоненттик төлөмдүн алынуучу күнүн көзөмөлдөп, балансты кол менен толуктап туруунун зарылдыгын жокко чыгарат.

Кызмат төмөнкүдөй күнүмдүк ыңгайсыздыктардан сактайт:

  • Байланыштын күтүүсүз үзгүлтүккө учурашы: интернет же чалуулар маанилүү сүйлөшүү учурунда, навигатор менен бара жатканда же такси чакырганда өчүп калбайт.

  • Ашыкча түйшүк: эми төлөмдүн күнүн эстеп жүрүүнүн же балансты улам текшерип туруунун кереги жок.

Бул кандай иштейт?

Абоненттик төлөм алынардан бир нече саат мурун система тарифтин жана кошулган тарифтик кызматтардын так баасын аныктап, «Мой О!» тиркемесинде демейки катары тандалган эсептен балансты керектүү суммага автоматтык түрдө толуктайт.

Эгер сиз тарифти өзгөртсөңүз, «Акылдуу автотөлөм» жаңы тарифтин баасына автоматтык түрдө ыңгайлашып, аны кайра жөндөөнүн кереги болбойт.

Мындан тышкары, абоненттер ар бир автотөлөм үчүн 1% кешбэк ала алышат. Топтолгон бонустар менен О! тармагындагы каалаган номердин балансын кайрадан толуктоого, ошондой эле «О!Бонус» лоялдуулук программасына катышкан өнөктөштөрдүн товарлары жана кызматтары үчүн төлөм жүргүзүүгө болот.

Тез. Ыңгайлуу. Жөнөкөй!

«Акылдуу автотөлөм» кызматын туташтыруу жана аны башкаруу «Мой О!» тиркемесинин «Менин байланышым» бөлүмүндө акысыз жеткиликтүү. Толук маалымат: o.kg.

«НУР Телеком» ЖЧКсы. КР МТБМК алдындагы МБА 2016-жылдын 6-декабрында берилген №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

«О! Банк» ААКы. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылдын 17-сентябрындагы №044 лицензиясы.

«Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы. КРУБ 2017-жылдын 3-августунда берилген №2021030817 жана №3022030817 лицензиялары.