О! Мобилдик оператору маалымдайт

О! Мобилдик оператору маалымдайт

19.04.2024 Урматтуу абоненттер,
2024-жылдын 1-майынан тарта «НУР Телеком» ЖЧКсынын кѳчмѳ радиотелефондук байланыш кызматтарын кѳрсѳтүүгѳ келишим түзүү жѳнүндѳ Коомго ачык офертанын 2.2 жана 2.7-пункттарына ѳзгѳртүүлѳр киргизиле тургандыгы жѳнүндѳ маалымдайбыз.
Кененирээк:
«НУР Телеком» ЖЧКсынын кѳчмѳ радиотелефондук байланыш кызматтарын кѳрсѳтүүгѳ келишим түзүү жѳнүндѳ Коомго ачык офертанын 2.2 жана 2.7-пункттары 2024-жылдын 1-майынан тарта кийинкидей редакцияда күчкѳ ээ болот:
«2.2. Персонификация (каттоо) процедурасынан ѳтүүгѳ ниетин билдирген потенциалдуу абонент-жеке жак, жалпысынан акцепт деп эсептеле жана кабыл алына турган тѳмѳнкү иш-аракеттерди ишке ашырат (аткарат):
  • айланыш түйүнүнѳ жана кызматтарга мүмкүндүк алыш үчүн оператордун аракеттеги сунуштарына ылайык SIM-картаны тандайт же SIM-картаны тандап жана анын баасын тѳлѳйт, же болбосо тарифтик планы менен SIM-картаны тандайт жана тѳлѳйт:
  • оператор тарабынан сунуш кылынган жолдордун бирин колдонуп, SIM-картаны активдештирген учурдан тартып 30 күндүн ичинде, ошондой эле тарифтик планга ылайык кепилденген ээлеп коюу мезгилинде же eSIM алып жатканда номерди тандагандан кийин 20 мүнѳттүн ичинде персонификация процессинен ийгиликтүү ѳтѳт (eSim QR-кодун алыш үчүн электрондук почтасынын дареги кѳрсѳтүлүшү керек).»
«2.7. Эгерде потенциалдуу абонент-жеке жак коомго ачык офертанын 2.2-пунктунда белгиленген мѳѳнѳттүн ичинде персонификация процедурасынан ийгиликтүү ѳтүү боюнча милдетин аткарбаса, «НУР Телеком» ЖЧК тарифтик планга ылайык номерди кепилденген ээлеп коюу мѳѳнѳтүн кошумча берет жана ѳздүк эсепке салынган акча каражаттарынан (анын ичинде тарифтик пландын баасынын эсебинен) бир жактуу акцептсиз тартипте номерди кепилденген ээлеп коюу үчүн тѳлѳмдү алууга укуктуу. Мындай учурда потенциалдуу абонент-физикалык жак эч кандай талап койбой турганын жана «НУР Телеком» ЖЧК акча каражаттарын мыйзамсыз кармаган же тѳлѳп берүүдѳн баш тартып жаткан жак катары таанылбай турганын, ошондой эле негизсиз байып кетүүнүн натыйжасында келип чыккан милдеттин ээси болуп саналбай тургандыгын моюнга алат жана макулдугун ырастайт.»

Тизмеге кайтуу