Акыркы жаңылыктар
7-май – бардык байланыш чѳйрѳлѳрүнүн кызматкерлеринин күнү, бирок О! Мобилдик операторунун командасы бул күнү дагы иштейт. Камтуу аймагын кеӊейтүү жана тармактын сапатын жакшыртуу боюнча техникалык иштер күн сайын, кээде дем алышсыз, жумуш сааттарынан тышкары убактарда, майрам күндѳрү, ал тургай күнү-түнү жүргүзүлѳт.
Жалпы байланыш, телевидение жана радиоберүү чѳйрѳлѳрүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен чын жүрѳктѳн куттуктайбыз! Бүгүнкү күндѳ экономиканын байланыш кызматтарын пайдаланбаган бир дагы тармагы жок. Кыргызстанда О! тармагынын эксперттерин кошкондо, эӊ алдыӊкы санарип жана маалымат технологиялары кеӊири жайылып жана ѳнүгүп жаткандыгы кубандырат.
Ѳлкѳнүн электрондук коммуникациялар чѳйрѳсүндѳ чыныгы кесипкѳйлѳр, жоопкерчиликтүү жана чыгармачыл адамдар эмгектенишет. Жалпыӊарга чыӊ ден соолук, аманчылык, бактылуу жашоо, оомат жана бардык кесиптик пландарыӊардын ийгиликтүү ишке ашышына тилектешпиз!
Ошол эле учурда О! Мобилдик оператору ѳзүнүн лидерлик абалын бекемдеп, 4G LTE тармагын курууга инвестиция жумшоону жана ѳлкѳ боюнча 4G/3G/2G тармакдѳрүнүн сыйымдуулугун жогорулатууну улантууда. Жакында эле республиканын дагы 120дан ашуун калктуу пунктунда 4G LTE модернизациялоо иштери аткарылды:
Камтуу картасы жана О! тармагынын ѳнүгүүсү жѳнүндѳ регулярдуу жаӊылыктар www.o.kg сайтында жеткиликтүү. Биз менен Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлѳр аркылуу байланышууга болот. Социалдык медиалардан тышкары, О! абоненттерине күнү-түнү колдоо кѳрсѳтүү кызматы WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot жана www.o.kg сайтында онлайн-чат аркылуу кѳрсѳтүлѳт.
О! Мобилдик оператору – ѳлкѳнүн 99%дан ашык калкы жашаган камтуу аймагында 4G/3G/2G тармакдѳрүнүн камтылышы жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын лидери.

«Мой О!» супертиркемесине нөл баланс менен да акысыз кирсеңиз болот
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Бакубаттыктын символу: О! базалык станциясында кунастар (илегилектер) дагы уя салды
.png)
О! Мобилдик оператору маалымдайт

Кичинекей жүрөктөргө чоң жардам: О! жана анын кызматкерлери 500дөн ашуун балага жардам беришти
Бардык жаңылыктар