Акыркы жаңылыктар
Үлгү бол! Жыл сайын жазында ѳтүүчү «Бакай Банк Жаз Деми 2021» жарым марафонунун лозунгу мына ушундай. Марафонго О! мобилдик операторунун кызматкерлери эӊ ири команда болуп катышты. Компаниянын спортчулары 5, 10 жана 21,1 км аралыкка чуркап, ар бири мыкты ийгиликке жетише алды.
«Биринчи кезекте ѳзүм үчүн үлгү боло алдым, – деп бѳлүштү эмоциялары менен Алтынай Дербишева. – Чуркоого алгачкы жолу катыштым, ѳзүмдүн физикалык мүмкүнчүлүктѳрүмдү сынагым келди. Финишке чейин жетип, кѳксѳгѳн медалга ээ болууну максат кылдым. Ѳзгѳчѳ атмосфера, кесиптештеримдин укмуштуудай чоӊ колдоосу жана бардык катышуучулардын кѳӊүлдүү маанайы мага абдан жакты!»
«Биз жакшы эмоциялардын толук зарядын алдык, аралыкты ийгиликтүү чуркап ѳттүк. Мен үчүн бул жеӊиш! Ал эми биздин – маджент түстѳгүлѳрдүн санынын аябагандай кѳп болушу – күчүбүзгѳ күч кошуп, ѳзүбүзгѳ болгон ишенимибизди мурдагыдан да кѳбѳйттү», – дейт Рысбек Докдурбеков.
Иш-чара Бишкек шаарынын күнүнѳ арналып, чуркоону жактырган бардык жарандарыбыздын башын бириктирди. Кыргызстанга Казакстан, Ѳзбекстан, Россия, Италия, АКШ, Улуу Британия сыяктуу чет ѳлкѳлѳрдѳн коноктор келишти. Чуркоонун салттуу жери катары, аэропортко кеткен трасса белгиленди. Спортчулар чуркоону «Аска-Таш» мемориалдык комплексинин жанынан баштап, ушул эле жерден аякташты. Чуркоо эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык талаптарды сактоо менен ишке ашырылды.
О! командасы масштабдуу спорттук иш-чараны ѳткѳргѳндүгү үчүн Nomad Sport уюштуруучуларына тереӊ ыраазычылык билдирет жана жарандарыбызды чуркоо сезонунун башталышы менен куттуктайт!

O!Store'дон жаңы iPhone сатып алып, AirPods 4 белегин алууга шашылыңыз – 3 күн гана калды

О! менен үнөмдөңүз: үй интернети, ТВ жана чексиз интернети бар үч номери – 1300 сомго

Белекке сыналгыбы же Magic V3? O!Store дүкөндөрүндөгү HONOR акциясы кызуу жүрүп жатат

1 орунга 30 талапкер жана 15 000 сом стипендия: O! DataCamp программасына кантип өтсө болот?

O!Store дүкөндөрүндө iPhone 18 сатылышынын башталышы: белекке AirPods 4 берилет
Бардык жаңылыктар