Кыргызча
<p><span style="color: #f0047f">Менин Чексиздигим</span></p>
  • internetЧексиз
950 c / 30 күнгө
Кошуу: Мой O!

Тарифти кантип кошууу керек?
«Менин чексиздигим» тарифин Жеке кабинет, «Мой О!» мобилдик тиркемеси же О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен кошуп алса болот.

Роутерди же модемди кайдан сатып алса болот?
4G Wi-Fi Wingle же 4G Wi-Fi Роутерди бардык О! Мобилдик операторунун сатуу жана тейлөө кеңселеринен сатып алса же ostore.kg интернет-дүкөнү аркылуу дароо азыр тапшырык кылса болот.

Камтуу аймагы:
О! тармагынын кеңири камтуу аймагы менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Тариф тууралуу кененирээк:
expanded panel icon down
  • Маанилүү! SIM-карта катталбаган учурда байланыш кызматтары жеткиликтүү болбойт. Эгерде номер SIM-картаны тарифтик планыңызга ылайык активдештирген учурдан тартып 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүлбөсө, Сизге салыктардын бардыгын эске алуу менен күнүнө 20 сом өлчөмүндө кепилденген ээлеп коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул мөөнөт ичинде Сиз номерди каттоодон өткөрө аласыз. Өздүк эсебиңизде 20 сомдон аз сумма калса, оператор кызматты калдыктын суммасына көрсөтүүгө укуктуу. Баланста акча каражаты жок болсо, номериңиз өчөт – SIM-картаңыз деактивацияланат;

  • 30 күнгө тарифти активдештирүүнүн наркы - 950 сом. Тарифтин мөөнөтү бүткөнгө чейин чексиз мобилдик интернет трафик боюнча чектөөсүз берилет;

  • Тариф активдештирүү учурунан баштап ар 30 күнгө автоматтык түрдө узартылат;

  • Тарифтин алкагында O!TV кызматын кошуу мүмкүн эмес;

  • «Мой О!» мобилдик тиркемеси жана Жеке кабинет аркылуу балансты текшерип, тарифти башкарса болот, ага кирүү тарифтештирилбейт жана баланстын бардык түрүнө ачык;

  • «Менин чексиздигим» тарифтик планы бардык алдын-ала төлөм системасынын абоненттери үчүн жеткиликтүү. Бул тарифке кошулганда, мурда активдүү болгон пландын шарттары өчүрүлөт жана колдонулбаган интернет трафиктин топтому жана мүнөттөр жокко чыгарылат.

  • Активдештиргенден 30 күн өткөндөн кийин же тарифти кезектеги узартуу учурунда абоненттик төлөмдү алуу үчүн эсепте керектүү сумма жок болсо, анда тарифтин мөөнөтү абоненттик төлөмдү алуу үчүн жеткиликтүү суммага толукталганга чейин токтотулат, андан кийин тарифтин мөөнөтү кийинки 30 күнгө узартылат;

  • Маалыматтарды өткөрүү Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында 4G/3G/2G тармактарынүн жеткиликтүү;

  • Бардык кардарларын интернет менен жайлуу камсыздоо максатында компания Абоненттин артыкчылыгын, түйүн жүктөмүн, түйүн жүктөмүнүн өсүшү менен жана абоненттердин өзүнчө трафик түрүн колдонуусунда өзүнчө трафик түрлөрүнүн артыкчылыгын эске алып, автоматтык түрдө иштеген, бүтүн түйүнгө эң көп күч келген учурда, ошондой эле абонент тейленген базалык станциянын эң көп жүктөмүндө ылдамдыкты азайта алган трафиктин артыкчылыктуулугунун атайы тутумун колдонууга укуктуу, анын ичинде трафикти «адилет колдонуу саясатын» (FUP – Fair Usage Policy) пайдалануу жолу менен;

  • Баасы жана тарификация (КНС менен, сатуудан салыкты кошпогондо):

    - O! тармагындагы чалуулар: 1.18 сом/мүн.

    - Кыргызстандын бардык операторлоруна SMS: 1.5 сом/д

    - КР башка мобилдик операторлоруна чалуулар*: 2.8 сом/мүн.

    - КР белгиленген байланыш операторлоруна чалуулар**: 4.99 сом/мүн.

    *Башка КР мобилдик операторлордун номерлерине «Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom бренди), «Скай Мобайл» ЖЧК (Beeline бренди) жана «KT Мобайл» (SALAM бренди) кирет.

    ** «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6x-xx жана +996-312-92-7x-xx белгиленген номерлерине чыгуучу чалуулардан тышкары, алардын баасы мүнөтүнө 7,49 сом боюнча тарификацияланат.

    Чалууларды тарификациялоо кадамы 10 секунда.

  • Активдүү режим — акыркы тарифтештирилген окуяны ишке ашырган учурдан баштап 180 күн.

  • Байланыштын акылуу кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына барабар.

    Тарифтин баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.