Кыргызча
<p>Переходи на О! Баарына чексиз+</p>
  • internetЧексиз
  • call_inАкысыз
  • call_out60 мүнөт
  • tv-chanells40 ТВ-канал
  • wifi-shareWi-Fi акысыз таратуу
    • Иконка Telegram
    • Иконка Facebook
    • Иконка Instagram
    • Иконка Whatsapp
    • Иконка Ok
    • Иконка VK
  • Чексиз
175 c / 1 жума

«Переходи на О! Баарына чексиз+» акциялык тариф менен сизге төмөнкүлөр жеткиликтүү:

  • Максималдуу ылдамдыктагы чексиз интернет

  • Акысыз Wi-Fi таратуу

  • О! түйүнүндө чексиз чалуулар жана SMS

  • КРнын башка мобилдик номерлерине чалуулар үчүн 60 мүнөт

  • O!TV тиркемесинде Топ 40 ТВ-каналдар жана Etnomedia онлайн-кинотеатры

Толук маалымат
expanded panel icon down

Абоненттик төлөм жумасына

175 сом

Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү

Чексиз

Башка тармактарга*

60 мүнөт

О! тармагындагү номерлерге чалуулар жана SMS

0 сом

КРнын башка мобилдик номерлерине SMS

1,5 сом

"Мобилдик айлык акы" кызматынын алкагындагы тарифтин шарттарына ылайык, КР башка мобилдик операторлорунун абоненттеринен кирүүчү ар бир мүнөт үчүн БОНУС**

1 сом

Акысыз мүнөттөрдүн топтомунун көлөмүн текшерүү үчүн буйрутма

*728*9#

«Мой О!»  мобилдик тиркемесинен тарифтерди жана кызматтарды башкарыңыз, мүнөттөрдүн жана гигабайттардын калдыктарын текшериңиз, толук детализация менен күнү-түнү онлайн-консультация алыңыз. Тиркемени дароо азыр жүктөп алыңыз!

 

«Переходи на О! Баарына чексиз+» тарифинин алкагында 40 ТВ каналын камтыган «О!TV Баштапкы» ТВ каналдарынын топтому жана Etnomedia онлайн-кинотеатры иштейт. Сиздин сүйүктүү ТВ каналдарыңызды жана программаларыңызды көрүү үчүн AppStore (iPhone жана iPad үчүн), Google Play Market (Android үчүн) платфомаларынан жүктөп алуу же www.otv.kg веб-порталына кирүү зарыл. О!TV кызматы тууралуу толук маалымат бул жерде, Etnomedia тууралуу – бул жерде;

«Переходи на О! Баарына чексиз+» тарифинин алкагында топтомдордо көбүрөөк телеканал:

- «О!TV Стандарт» топтому 100 канал – суткасына 3 сом *750*2#

- «О!TV Премиум» топтому 200 ашык канал – суткасына 7 сом *750*3#

 

Тарифти кошуу O!Store сатуу жана тейлөө кеңселеринин биринде, «Мой О!» тиркемесинде, ошондой эле компаниянын промоутерлери аркылуу жаңы SIM-картаны активдештиргенде жеткиликтүү.

Кошумча маалымат
expanded panel icon down
  • Маанилүү! SIM-карта катталбаган учурда байланыш кызматтары жеткиликтүү болбойт. Эгер SIM-карта активдештирилген соң 30 күндүн ичинде номер катталбаса, тарифтик планга ылайык, Сизге бардык салыктарды кошкондо, күнүнѳ 20 сом ѳлчѳмүндѳ кепилденген ээлеп туруу мѳѳнѳтү берилет. Бул мѳѳнѳттүн ичинде номериңизди каттоо мүмкүндүгү сакталып турат. Ѳздүк эсебиңизде 20 сомдон аз каражат калган учурда, оператор калдыктын суммасына кызмат кѳрсѳтүүгѳ укуктуу. Балансыңызда каражат жок болсо, номериңиз ѳчүрүлѳт – SIM-карта деактивацияланат;

  • КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3-секундага чейин – 0 сом;

  • Бардык кирүүчү чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 4,99 сом;

  • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/4,99 сом;

  • «Переходи на О! Баарына чексиз+» тарифтик планына кошулууда «Үн почтасы» кызматы автоматтык түрдө кошулат;

  • Жаңы SIM-картаны «Переходи на О! Баарына чексиз+» тарифтик планы менен активдештиргенде, бир гана жолу «Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда (акы төлөө менен) көрсөтүлө баштайт;

  • «Переходи на О! Баарына чексиз+» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттары боюнча номерди тандап, алмаштыра алышат;

  • Эгер абоненттик төлөм алынып жаткан учурда, сиздин баланста 175 сомдон кем эмес сумма болсо, баланстагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, эгер жетишсиз сумма болсо, ал баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонууну улантуу жана интернетке кирүү үчүн абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек;

  • Эгер сизде «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги абоненттик төлөм алынып жатан учурда, баланста 175 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот;

  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү;

  • «Переходи на О! Баарына чексиз+» тарифтик планындагы SIM-картаны активдештирүүдө «Бүткүл дүйнө!» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот;

  • Тарифтин алкагында смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернет кирүү тармагы катарында (модем шарттамында) колдонуу үчүн акысыз жеткиликтүү;

  • Эгер башка тармактарга үчүн мүнөттөрдүн топтому 1 жуманын ичинде (7 күндѳ) сарптабаса, кезектеги абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган трафик күйүп кетет;

  • «Переходи на О! Баарына чексиз+» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алмаштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында «Переходи на О! Баарына чексиз+» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт;

  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп тармактын ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

  • «Переходи на О! Баарына чексиз+» тарифи иштеп жатканда, кийинки кызматтарды кошууга болбойт : «5+5», «Сенин нөлүң күнүмдүк!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң белекке!», «Сенин нөлүң 3,6,12!»;

  • Тариф үчүн абоненттик төлөмдүн баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгѳн, калган кызматтардын баалары КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;

  • О! тармагындагү чыгуучу чалуулардын жана КРны башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.

** КР мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын (MEGA СМ), «Скай Мобайл» ЖЧКсынын (Beeline СМ), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын (SALAM СМ) номерлери кирет. Наркы алгачкы 60 мүнөт үчүн абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 календардык күндүн ичинде жарамдуу. 61 - мүнөттөн тартып КР башка мобилдик GSM байланыш операторлорунун номерлерине 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 2,8 сомду түзөт. Эгер абонент КР мобилдик операторлорунун номерлерине акысыз чалуулардын 60 мүнөтүн сарптай элек болсо, кезектеги абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мүнөттөр жокко чыгарылат.

***Бул тарифтеги SIM-картаны активдештиргенде, автоматтык түрдѳ 30 суткалык акысыз мѳѳнѳт үчүн «Мобилдик айлык акы!» кызматы кошулат. Акысыз мөөнөт бүтөрү менен (31-суткада) «Мобилдик айлык акы!» кызматы өз алдынча өчүрүлгөнгө чейин стандарттык шарттарда көрсөтүлөт.