Last news
Абоненттердин көптөгөн өтүнүчтөрү боюнча О! мобилдик оператору өз кардарларына популярдуу «Чексиз 4G» кызматынын жаңы пайдалуу шарттарын сунуш кылат. Эми жогорку ылдамдыктагы чексиз 4G интернетти интернет-трафикти чектөөсүз берүүдөн тышкары, колдонуучуларга O!TV мобилдик телеберүүсүнүн премиалдык топтому мурунку баасында жеткиликтүү болуп калды.

Болгону бир-эки жолу басып, ар бир каалоочу сайтта же мобилдик телеберүүнүн тиркемесинде авторлошуп, 130 ата мекендик жана чет өлкөлүк телевизиондук каналдарга кире алат, алардын арасында маалыматтык-таанып билүүчүлүк каналдар, балдар программалары, саякаттоолор жана спорттук окуялар жөнүндө телеканалдар, фильмдер, сериалдар жана башка көңүл ачуучу видеоконтенттер бар. O!TV мобилдик телеберүүнү убактысы боюнча чектөөсүз көрүүгө болот, мында интернет-трафик О! мобилдик операторунун түйүнүндө эсепке алынбайт жана тарифтештирилбейт. Мобилдик телеберүүнү O!TV-нын колдонуучулары компьютерлерден, iOS жана Android базасындагы мобилдик түзүлүштөрдөн көрө алышат.
Мында «Чексиз 4G + O!TV» кызматынын баасы мурунку боюнча калды, абоненттик төлөм 7 күнгө 350 сомду, ал эми 30 күнгө 1390 сомду түзөт.
Кызматты кошуу жана башкаруу О! мобилдик операторунун жеке кабинети аркылуу мүмкүн. ТВ-каналдарды көрүү үчүн абонент көп функционалдуу O!TV мобилдик тиркемесин PlayMarket жана AppStore-дон жүктөө керек, ал каалаган мобилдик түзүлүштү толук кандуу телевизорго айлантат.
«Чексиз 4G + O!TV» кызматы жөнүндө кененирээк расмий сайттан www.o.kg билүүгө болот.

A SIM card has no expiration date: O! urges vigilance

“Product of the Week” at O!Store: Summer discounts on hits from Samsung and Xiaomi

Why Kyrgyzstan became a global travel trend – and which eSIM to choose for your trip

O! Mobile Operator has launched 5G access for subscribers in international roaming

A start at an IT giant: O! launches paid DataCamp for future leaders
All news