Last news
О! мобилдик оператору компаниянын тарифтери жана кызматтары боюнча маселелер жаралганда бир нече мүнөттүн ичинде онлайн-кеңештерди алуу жолдору жөнүндө эске салат
О! мобилдик оператору компаниянын тарифтери жана кызматтары боюнча маселелер жаралганда бир нече мүнөттүн ичинде онлайн-кеңештерди алуу жолдору жөнүндө эске салат:
1. www.o.kg сайтында онлайн-кеңешчи.
Компаниянын расмий сайтында онлайн-чаттын адистери каалаган убакта мобилдик байланышка таандык маселелерди чечүү үчүн кардарларга жардам берүүгө даяр. Ал үчүн www.o.kg сайтына кирип, билдирүүңүздү жазсаңыз гана жетиштүү.
2. Viber мессенджери.
Viber-де күнү-түнү колдоонун ишке киргизилиши менен популярдуу мессенджердин жүздөгөн колдонуучулары компаниянын кызматтары жана тарифтери боюнча оперативдүү онлайн-кеңештерди алып жатышат. Мындан тышкары, О! мобилдик операторунун паблик-аккаунтуна жазылгандарда компаниянын акциялары, жаңылыктар жана бош кызмат орундары жөнүндө биринчилерден болуп тилип турушат. Viber-де О! мобилдик операторуна жазылуу үчүн «Паблик» бөлүмүнө кирип, тиркеменин интерфейсиндеги төмөнкү бөлүгүндөгү « О! мобилдик оператору» паблик-аккаунтунун аталышын киргизип же http://chats.viber.com/okgmobile шилтеме боюнча өтүү керек.
3. Социалдык тармактардагы расмий барактар
Facebook, «ВКонтакте», Instagram, «Одноклассники» соцтармактардагы операторго жазылгандар компаниянын акциялары жана жаңылыктары жөнүндө биринчилерден болуп гана билбестен, бир нече мүнөттүн ичинде жеке билдирүү аркылуу оперативдүү онлайн-кеңештерди ала алат. Компаниянын социалдык тармактардагы расмий барактарында күнү-түнү колдоо иштерин белгилеп кетебиз. Бүгүнкү күнү О!ун социалдык тармактардагы расмий барактарына 115 ашык колдонуучу жазылган.
4. Telegram мессенджери
Эми О!нун абоненттери үчүн күнү-түнү колдоо Telegram-да да бар. Популярдуу мессенджердин колдонуучусу компаниянын тарифтери жана кызматтары боюнча суроолор жаралганда, @Nurtelecom_bot –ко жазып койсо гана жетиштүү.
Биз жардам берүүгөдаярбыз!

30 applicants per spot and a monthly stipend of 15,000 KGS: How to get into O! DataCamp

The iPhone 18 is here at O!Store – get free AirPods 4!

30% OFF Shakira dance floor tickets: today only on O!Market

Don’t miss Shakira! Get 10% cashback on O!Market in My O!

O! provides connectivity at the strategic Kok-Art checkpoint on the North–South highway
All news