Last news
О! Мобилдик оператору «Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү» аттуу биринчи телекоммуникациялык форумунун алкагындагы мини-эксподо президентке жана форумдун катышуучуларына кагаз процедураларын талап кылбай турган абоненттерди санариптик персонификациялоо боюнча жаӊы долбоорун сунуштады.
Бул - ѳз алдынча же болбосо оператордун соода ѳкүлүнүн жардамы менен персонификациядан ѳтүп, SIM-картаны каттоо үчүн ыӊгайлуу интерфейси бар мобилдик тиркеме.
Жалпы процесс болгону эки мүнѳт алат:
Тиркемеде SIM-картадагы телефон номери жазылат, ал эми түзүм анын бош же бош эмес экендигин текшерет.
Тиркемеде паспорттун (ID) эки тарабы, паспорту менен абонент жана SIM-картанын ѳзү сүрѳткѳ тартылат.
Тутум автоматтык түрдѳ абоненттин келбетин паспорттогу сүрѳт менен салыштырып текшерет.
Тиркемедеги бардык маалымат оператордун маалымат базасында сакталып калат.
Бул учурда ченемдик-укуктук базага тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген соң гана Долбоордун келечекте ишке ашырылышы мүмкүн. Аталган долбоор колдоого алынса жана ишке киргизилсе, мобилдик абоненттердин санариптик персонификациясын бардык санариптик кызматтарга, анын ичинде мамлекеттик кызматтар менен ТҮНДҮК тутумунун порталына кирүү мүмкүндүгү үчүн колдонууга болот.

Connectivity as the right to development: O! congratulates telecom workers on their professional holiday!
.png)
Update by the O! Mobile operator

O! Today: more than connectivity. A lifestyle ecosystem in one app

Celebrate May holidays in style! Get 20% off accessories at O!Store
.png)
Update by the O! Mobile operator
All news