Last news
Түркияда алдыдагы ысык туристтик сезондун алдында 60 миллиондон ашык абоненттик базасы бар ири Turkcell операторунун түйүнүндө роумингде интернет-трафиктин 1 мегабайты үчүн бааны арзандаткандыгын - болгону 1 сом болгондугун жарыялайт
Түркияда алдыдагы ысык туристтик сезондун алдында О! мобилдик оператору 60 миллиондон ашык абоненттик базасы бар ири Turkcell операторунун түйүнүндө роумингде интернет-трафиктин 1 мегабайты үчүн бааны арзандаткандыгын - болгону 1 сом болгондугун жарыялайт.
О! компаниясынын өкүлдөрү үйдөн алыс жүргөндө баарлашуу үйдөгү түйүндөгү чалуулардай оңой жана жеткиликтүү болуш керек деп эсептешет. Ошондуктан бүгүн О! мобилдик оператору Түркияда Turkcell түйүнүндө интернет-роумингге бааны 143 эсе азайтып, рынокто мындай операторлордун арасында уникалдуу сунуш кылды.
Бул дискаунт-тариф бүгүнтөн, 2-апрелден тартып О!нун бардык абоненттерине жеткиликтүү. Көрсөтүлгөн түйүндө роумингдеги интернет-трафик мүмкүн болгон 4G LTE тез ылдамдыкта берилет.
Өргүүгө же иш сапарга чыгуу үчүн чемоданын чогултуп жаткандардын баары азыртадан эле чет жакта жүргөндө көнгөн номерди алмаштырбастан байланыш тууралуу кам көрүү керек. Арзан роумингди кантип кошуу керектиги жана башка тарифтер жөнүндө маалыматты компаниянын www.o.kg сайтынан «Роуминг» бөлүмүнөн билүүгө болот.
О! мобилдик оператору – роумингде үйдөгүдөй!

O!Store is giving away gifts: get up to 10,000 KGS when purchasing an HONOR smartphone

A SIM card has no expiration date: O! urges vigilance

“Product of the Week” at O!Store: Summer discounts on hits from Samsung and Xiaomi

Why Kyrgyzstan became a global travel trend – and which eSIM to choose for your trip

O! Mobile Operator has launched 5G access for subscribers in international roaming
All news