Last news
Акыркы айдын ичинде О! мобилдик операторунун роуминг-өнөктөштөрүнүн тизмеси мобилдик байланыштын дагы чет өлкөлүк алты өнөктөшү менен толукталды
Акыркы айдын ичинде О! мобилдик операторунун роуминг-өнөктөштөрүнүн тизмеси мобилдик байланыштын дагы чет өлкөлүк алты өнөктөшү менен толукталды.
Эми О!нун корпоративдик жана жеке абоненттеринде жогорку ылдамдыкта маалыматтарды берүү кызматын - 4G-роумингди Xfera (Испания) операторунун түйүнүндө колдонуу мүмкүндүгү пайда болду. О!нун корпоративдик кардарларына DNA (Финляндия),T-Mobile (Австрия), Canada Bell (Канада), Mobile One (Сингапур) жана Mobitel (Шри-Ланка) операторлорунун түйүнүндө добуштук жана интернет роумингдин жаңы багыттары жеткиликтүү.
О! мобилдик операторунун кардарлары саякаттап жүрүп, өз телефон номерин алмаштырбастан дайыма байланышта боло алышат. Компания байланышты жана мобилдик интернетти өлкөдөн тышкаркы жактан пайдаланууга ыңгайлуу болуш үчүн роуминг-өнөктөштөрдүн тизмесин толуктоону улантып жатат. Ал эми бүгүнкү күндөгү мобилдик интернеттин эң прогрессивдүү жана жогорку ылдамдыктагы технологияларынын бирин - 4G-роумингди АКШда, Россияда, Кытайда, Бельгияда, Казахстанда, Люксембургда, Кореяда, Канадада жана Испанияда колдонууга болот.
Жалпы жолунан О! мобилдик операторунан роуминг 160 тан ашык өлкөдө жеткиликтүү, ал эми популярдуу багыттар боюнча бир катар тарифтер бир топ арзандап жатат. Мисалы, 1 Мб баасы Россиянын жана Казахстандын Tele2 түйүндөрүндө болгону 1 сом. «Роуминг» кызматын кошуу үчүн *996# буйрутмасын терүү керек. «Интернет-роуминг» кызматын кошуу үчүн Кыргызстандан чыгып кеткенчекти *997# терүү зарыл.
Роуминг кызматына тарифтер менен компаниянын расмий сайтынан www.o.kg таанышыңыздар.
О! мобилдик операторунан роуминг – чет өлкөдө жеткиликтүү жана ыңгайлуу байланыш!
.png)
Update by the O! Mobile operator

Get AirPods 4 free with a new iPhone at O!Store – only 3 days left

Save with O!: home internet, TV, and three unlimited mobile plans for 1,300 som

A TV or Magic V3 as a gift? The HONOR promo is in full swing at O!Store

30 applicants per spot and a monthly stipend of 15,000 KGS: How to get into O! DataCamp
All news