Last news
О! мобилдик оператору жыл сайын өткөрүлчү «Жеңиш күнү» акциясынын башталгандыгы жөнүндө маалымдайт. О! түйүнүнүн ар бир абоненти Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 1945 номерине SMS жөнөтүп же чалуу аркылуу жардам бере алат. Ар бир мындай SMS-билдирүүнүн же чалуунун баасы – 20 сом. Акция 2017-жылдын 21-апрелинен 11-майына чейин жүрөт.
«О! мобилдик оператору ушул жылдар бою биз менен чогуу болуп жүргөндөргө, жаңыдан бизге кошулгандарга баарына ыраазычылык билдирет. Ушул жылы О!нун абоненттери жардамын аябагандыгынан улам Улуу Ата Мекендик согуштун 73 ардагерине жардам көрсөтүлдү. Алардын ар бири колдоруна 1900 сомдон алышты. Бүгүн баатырларга жардам берүү баарыбыздын колубузда, ар бир мүнөт кымбат», - деп белгиледи О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.
О! мобилдик оператору 2016-жылы чогулткан каражаттарды тапшыруу жөнүндө отчетту бул жерден окууга болот: https://www.o.kg/ru/novosti/abonenty-mobilnogo-operatora-o-podderzhali-veteranov-velikoy-otechestven...
Компания үчүн акча каражаттары ардаргерлерге кепилдик менен өткөрүп берилиши маанилүү, ошол себептен акциянын жүрүшүндө чогулган бардык сумма Ардагерлердин республикалык кеңешине андан ары даректик бөлүштүрүү үчүн өткөрүп берилет. Акция аяктагандан кийин отчетту сайттан www.o.kg окусаңыз болот.

A SIM card has no expiration date: O! urges vigilance

“Product of the Week” at O!Store: Summer discounts on hits from Samsung and Xiaomi

Why Kyrgyzstan became a global travel trend – and which eSIM to choose for your trip

O! Mobile Operator has launched 5G access for subscribers in international roaming

A start at an IT giant: O! launches paid DataCamp for future leaders
All news