Last news
О! мобилдик оператору Бишкекте жана Кыргызстандын аймактарында байланыш сапатынын жакшыртылгандыгы жана түйүн камтыган аймактын кеңейтилгендиги жөнүндө маалымдайт. 2017-жылдын мартында компаниянын техникалык дирекциясынын адистери байланыш инфраструктурасын жогору темп менен курууну улантып, 85 ашык жаңы база станциясын эксплуатацияга киргизди. Мындай түйүндөгү жумуштардын башкы максаты - бүткүл өлкө боюнча мобилдик интернеттин орточо ылдамдыгын жана сапатын жогорулатуу болуп саналат.
Мартта Бишкек, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Араван, Ноокат жана Кемин шаарларында 4G түйүнүнүн радиожабдуусу көбөйтүлдү.
Түйүн инфраструктуранын жаңы объекттери Чүй областынын Чоң-Арык, Достук, Военно-Антоновка айылдарында, Ысык-Көл областынын Ак-Суу, Нарын областынын Ат-Башы, Жалал-Абад областынын Шамалды-Сай, Сузак жана Базар-Коргон, Ош областынын Куршаб жана Жаңы-Ноокат айылдарында 4G түйүнү камтыган аймактын кеңейишине жана сапаттын жакшырышына мүмкүндүк берди.
2017-жылдын башынан тартып О! мобилдик оператору түйүндүн инфраструктурасын куруу боюнча масштабдуу жумуштарды жасады, анын натыйжасында компания Бишкекте да, өлкөнүн аймактарында да байланыш сапатын жакшыртты. Мисалы, үч айдын ичинде 240 ашык база станциясы эксплуатацияга киргизилди.
Кыргызстандын аймактарындагы компаниянын абоненттери «Алга Интернет + O!TV» атайын жаңы сунушун колдоно алышат, анын чегинде мобилдик интернет интернет трафикти чектөөсүз 2 Мбит/с чейинки ылдамдыкта берилет жана каалаган табиттеги 130 ТВ-канал бар. «Алга Интернет + O!TV» тарифинин абоненттик төлөмү 30 күнгө болгону 750 сом.
«О!го которул+ ТВ» тарифтик пландарынын жаңы тизмегиндеги абоненттерде «Город 312» популярдуу тобунун Бишкек, Ош же Жалал-Абадда боло турган концерттеринин бирине акысыз билет алууга мүмкүндүк бар экендигин эске салабыз. Ал үчүн «О!го которул + TV Стандарт» же «О!го которул + TV Премиум» тарифтерин кошуп же активдүү абоненти болуп, О! мобилдик операторунун каалаган сатуу жана тейлөө кеңселеринин биринен балансты толтуруу гана жетиштүү. Концерттердин графиги менен кененирээк компаниянын сайтынан www.o.kg таанышууга болот.
Келиңиздер жана «Город 312» тобунун мыкты тректеринен энергия зарядын жана драйв алыңыздар.

Get AirPods 4 free with a new iPhone at O!Store – only 3 days left

Save with O!: home internet, TV, and three unlimited mobile plans for 1,300 som

A TV or Magic V3 as a gift? The HONOR promo is in full swing at O!Store

30 applicants per spot and a monthly stipend of 15,000 KGS: How to get into O! DataCamp

The iPhone 18 is here at O!Store – get free AirPods 4
All news