«О!ДЕНЬГИ» мобилдик тиркемеси

O!dengi.jpg

«О!Деньги» - бул почтадагы кезекке туруу менен терминалдарды издөө маселесин чечкен, коммуналдык кызматтары, үй интернети жана ТВ, МАИ жазапулдарын жана башка көптөгөн нерселерге төлөмдөрдү жүргүзүүдө убакытты үнөмдөгөн мобилдик тиркеме болуп саналат.

"О!Деньги" тиркемесин жүктөп алыңыз жана анын ыңгайлуу жана жеңил экенине ынаныңыз:

  • Бардык эсептерди күндүз же түндө төлөңүз. Төлөө үчүн ”О!Деньги” (Android жана iOS үчүн) тиркемеси орнотулган смартфон гана керек.

  • Жаңы үйрөнүп жаткан интернет-колдонуучуларга да түшүнүктүү жөнөкөй интерфейс.

Тез жана коопсуз

  • Үзгүлтүксүз төлөмдөр үчүн шаблондорду түзүп алыңыз, кийин кайталанган маалыматтарды (телефон номери, өздүк эсеп ж.б.) киргизүүнүн кажети жок болуп калат. Керектүү шаблонду тандаңыз жана саналуу секунданын ичинде төлөм жүргүзүңүз;

  • Өз номериңиздин балансын көнүп калгандай эле толтуруңуз. Ал эми ыңгайлуулук үчүн тиркемеде өз балансыңызды комиссиясыз толтура ала турган О! кеңселеринин жана терминалдарынын жайгашкан жери көрсөтүлгөн карта бар.

  • Ошондой эле балансты тиркемеге туташтырылган Visa жана MasterCard тутумундагы банктык карта менен толтурууга болот.

  • Тиркеме өзүңүз гана билген жеке шартбелги жана ошондой эле бармактын из менен ишенимдүү түрдө корголгон;

  • Алдамчылык иш-аракеттердин көзөмөл тутуму иштейт, андайларга дароо бөгөт коюлат; банктык карта менен жүргүзүлгөн бардык операциялар Visa жана MasterCard коопсуздук стандарттарына ылайык корголгон.

Сурап билүү

  • “О!Деньги” тиркемесиндеги «Онлайн чат» жана «Колдоо кызматына чалуу» пункттарында кызмат тууралуу каалаган суроолорду берсе болот. Ошондой эле, Telegram мессенжеринин @odengi_bot дарегине бот жазсаңыз, ага максималдуу ыкчам түрдө жообун алса болот;

  • Телефонду же SIM-картаны жоготкон учурда чала турган телефон номери : 0705 700 700;

  • Ката төлөм жүргүзүлгөн учурда ыкчам жардам үчүн төмөндөгү номерлер жеткиликтүү : 999 (О! абоненттери үчүн) жана 0 700 000 999 (башка түйүндөрдүн абоненттери үчүн);

  • Эгер сиздин кызматты жакшыртуу боюнча сунуштарыңыз болсо, бизге бул дарекке кат жазыңыз dengi@nurtelecom.kg

Тиркемени Android үчүн жүктөө .

Тиркемени iOS үчүн жүктөө.

Кызмат тууралуу толук маалымат dengi.kg сайтында жеткиликтүү.