О! түйүн камтыган аймакты кеңейтүү боюнча иштерди улантып жатат

О! түйүн камтыган аймакты кеңейтүү боюнча иштерди улантып жатат

07.06.2016

О! мобилдик оператору өлкөнүн бардык аймактарында түйүндү кеңейтүү боюнча масштабдуу программаны ишке ашыруу иштерин улантып жатат. Майда компаниянын техникалык адистери Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл областарынын аймактарында 15 тен ашык жаңы базасын пайдаланууга киргизди. 

4G-база станциялары Бишкек шаарында, Чүй областынын Военно-Антоновка, Пригородное, Төмөнкү Орок, Селекционное айылдарында жана Тынчтык конушунда иштеп баштады. Мындан тышкары, үчүнчү муундагы түйүндү жакшыртуу максатында база станциялары   Бишкекте, Балыкчыда, ошондой эле Чүй областынын Лебединовка айылында, Ысык-Көл областынын Кажы-Сай айылында, Жалал-Абад областынын Сузак айылында ишке киргизилди.

«Биз биздин арзан байланышыбыз жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетибиз республиканын бардык калкына, анын ичинде алыскы айылдардагы жана кичине кыштактардагы калкка жеткиликтүү болушун каалайбыз. Жаңы база станцияларынын ишке киргизилиши менен, жогоруда саналган калктуу конуштардын жашоочулары бүгүндөн тартып байланыштын жана интернеттин сапатынын жакшыргандыгын сезе алышат. Биз муну менен токтоп калбайбыз жана өлкөнүн аймактарында түйүндүн камтышын кеңейтүү боюнча иштерди улантып жатабыз», — деп белгиледи О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

Бүгүнкү күнү мобилдик интернеттин эң жогорку ылдамдыктагы технологияларынын бирин - 4G-ны  Бишкек, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Кара-Суу, Токмок, Кара-Балта жана  Кант шаарларынын жашоочулары колдонуп жаткандыгын эске салабыз. О! мобилдик операторунун түйүндүн кеңейтишин компаниянын расмий сайтынан www.o.kg  карап турса болот. 


Тизмеге кайтуу