Эксперттер О! мобилдик операторунун түйүнүн сапаты боюнча мыкты деп аташты

Эксперттер О! мобилдик операторунун түйүнүн сапаты боюнча мыкты деп аташты

03.11.2016

Мобилдик байланыш түйүндөрүн  оптималдаштыруу жана радио ченемдер боюнча профессионалдуу кызматтарды көрсөтүү менен алектенген  DMTel компаниясы Бишкектеги О!, Beeline жана Megacom  операторлорунун мобилдик байланыш түйүндөрүнүн негизги техникалык мүнөздөмөлөрүн  жана сапатын салыштырма баалоо боюнча жыйынтыктарын чыгарды.

Изилдөөлөр Бишкек шаарынын аймагында 748 км аралыктагы каттам боюнча сертификацияланган ченөөчү комплекти колдонуу менен жүргүзүлдү.  Текшерүүнүн жүрүшүндө добуштук кызматтын, 2G/3G/4G түйүндөрүндө маалыматтарды берүү жана  радио менен жабдуу кызматынын сапатынын негизги мүнөздөмөлөрү аныкталды. Изилдөө 2016-жылдын июлунда 7 күндөн ашык жүргүзүлдү. Кепти өткөрүү сапатынын негизги көрсөткүчтөрү жана маалыматтарды берүү кызматы боюнча мыкты жыйынтыктарды О! мобилдик оператору көрсөттү.

Добуштук кызмат

Бишкектеги добуштук кызматты текшерүүнүн алкагында ар бир оператор үчүн 2100 жакын добуштук байланыштыруулар аткарылган.  DMTel аналитиктери операторлордун добуштук байланышынын сапатын бир нече көрсөткүч боюнча – белгиленген чалуулардын саны, аларды тосмолоолордун, баш тартуулардын жана үзүлүп калууларынын саны, добуштук туташтыруу үчүн орточо убакыт, ошондой эле кепти өткөрүү сапаты боюнча анализдешти.

Жалпысынан, Бишкектеги добуштук кызматты тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча үч оператордун түйүндөрү көпчүлүк көрсөткүчтөрү боюнча бири бирине жакын позицияларды көрсөттү. Кепти өткөрүү сапаты боюнча О! түйүнү эң алдыда, Beeline түйүнү экинчи орунда жана Megacom үчтө. Beeline түйүнү добуштук сервистин үзгүлтүксүздүк көрсөткүчү боюнча башка операторлордон артта калды.

Маалыматтарды берүү кызматы

DMTel-дин баалоосу боюнча, бардык операторлор көпчүлүк заманбап тиркемелердин   (веб-сёрфинг, социалдык тармактар, электрондук почта ж.б.)    драйв-тест маршрутунда ийгиликтүү иштеши үчүн зарыл болгон ылдамдык көрсөткүчүнүн орточо мааниси боюнча окшош.

Бирок О! жана Megacom мобилдик операторлорунун түйүндөрүндө абонент үчүн 20 Мбит/с босогосунан ашкан мобилдик интернеттин стабилдүү ылдамдыгын үзгүлтүксүз алып туруу мүмкүндүгүн мүнөздөй турган индикаторлордун көрсөткүчтөрүнүн маанилеринин үлүшү 35–45% түзөт, ал эми Beeline түйүнүндө мындай ылдамдыктар катталган эмес. Бул  жерде О! түйүнү жогорку ылдамдыктар боюнча Megacom түйүнүнөн бир топко алдыда.

Ошентип, О! жана Megacom мобилдик операторлорунун түйүндөрү гана абонент үчүн драйв-тест маршрутунун бир топ бөлүгүндө болушунча жогорку ылдамдыкты ишке ашыра ала турган мүмкүндүктү көрсөттү.

О! мобилдик оператору «YouTube ресурсунан агымдуу видео контентин жүктөө жана кайра ойнотуу сессиясынын жалпы узактыгы» жана «контентти суроодон тартып буферди толтуруу башталганга чейин убакыт» көрсөткүчтөрү боюнча биринчи орунду ээледи.

«Акыркы жылдары биз өз түйүндөрүбүздүн сапатын жакшыртуунун үстүнөн чоң иштерди жасадык: максималдуу ылдамдыктар бир топ өстү, 4G/3G түйүндөрүнүн жабылышы жакшыртылды жана инфраструктуранын сыйымдуулугу көбөйтүлдү. Бул оператордун мобилдик байланыштын сапаты боюнча лидерге чыгууга жана бишкектиктерге сапаттуу жана жеткиликтүү добуштук байланыш кызматтарын жана жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетин колдонууга мүмкүндүк берди. DMTel көз карандысыз компаниясынын изилдөөсү О!нун байланыш сапатынын деңгээли – Бишкекте эң жогоркулардын бири экендигин далилдеп турат. бул жерде биздин абоненттер компаниянын түйүндөрдү өндүрүүгө жумшаган инвестициялары уланып жаткандыгына ишенишсе болот.Ал эми мурункудан да жеткиликтүү кызматтарды киргизүү – бул биздин эң алгачкы милдеттерибиздин бири», - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.

2014-жылы О! мобилдик оператору өзүнүн технологиялык жана инновациялык лидерлигин бүгүнкү күндөгү мобилдик интернеттин эң жогорку ылдамдыктагы технологияларынын бирин - 4G-ны Кыргызстандагы байланыш операторлорунун ичинен биринчилерден болуп киргизүү менен ишенимдүү ырастагандыгын эске салабыз.


Тизмеге кайтуу