Көбүрөөк камтуу, укмуштуудай ылдамдык! Алыскы аймактарда О! Мобилдик операторунун 4G LTE-түйүнү көбөйүүдө

Көбүрөөк камтуу, укмуштуудай ылдамдык! Алыскы аймактарда О! Мобилдик операторунун 4G LTE-түйүнү көбөйүүдө

14.10.2019

Жакында эле 70тен ашуун калктуу конуштарды камтыган О! Мобилдик операторунун 4G LTE түйүнүнүн сыйымдуулугу менен камтуусун кеңейтүү боюнча пландаштырылган иштер жүргүзүлдү. Алыс жайгашкан аймактардын он миңдеген тургундары байланыштын жана мобилдик интернеттин сапатынын жакшыргандыгын сезе алышты.

  • Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлы-Суу, Кочкор-Ат шаарларында, ошондой эле Кызыл-Жар, Жыл-Кол, Райкомол, Ак-Коргон, Кашкалак, Сайдыкум, Дөш, Хажир-Абад, Турпак-Коргон, Жаңы-Акман, Кош-Коргон, Кайырма, Көк-Алма, Ноошкен, Достук, Кызыл-Туу, Жыгач-Коргон, Чымчык-Жар, Благовещенка, Мундуз, Төш, Арал, Дөдөмөл, Кош-Булак, Ала-Бука, Базар-Коргон, Кум айылдарында;

  • Ош облусу: Төлөйкөн, Забдар, Нурдар, Кызыл-Кырман, Жаңы-Айыл, Токтогул, Ничке-Сай, Чангет, Өстүрүү, Жаңгакты, Корс-Этти, Салам-Алик, Чалк-Өйдө, Кош-Этер, Кызыл-Байрак, Заргер, Кутурган, Тосой, Уйгур-Абад, Кашгар-Кыштак, Араван, Ак-Шор, Жеке-Мисте, Найман, Шарк, Кызыл-Мехнат, Талдык, Алга-Бас, Таш-Рык, Жар-Ооз, Ынтымак, Ничке-Суу, Шамал-Терек, Кандава, Чечебай, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Чак айылдарында; 

  • Баткен облусу: Кызыл-Кыя шаарында жана Калтак, Кызыл-Бел, Көк-Таш, Дархум, Таш-Кыя, Пүлгөн, Чоң-Кара, Зар-Таш, Калача айылдарында/

О! Мобилдик операторунун Кыргызстандагы 4G-технологиясын өнүктүрүүнү 4G стандартты колдогон түзүлүштөрдөгү үлүшүн көбөйтүү менен ишке ашып жаткан төртүнчү муундун интернет-трафигинин туруктуу миграциясынын фонунда жүргүзүп келет.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

О! Мобилдик оператору – Кыргызстанда жогорку ылдамдыктагы 4G LTE стандартын алгачкылардан болуп киргизген өлкөнүн эң ири мобилдик оператору. Бүгүнкү күндө О! – 4G LTE-түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын гана эмес, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында дагы лидер болуп саналат. О! Мобилдик оператору Кыргызстандын калкынын 94%ын, болжол менен 6 миллион кыргызстандыктарды төртүнчү муундагы зымсыз технология менен камсыздап жатат.

Камтуу картасы www.o.kg сайтында "Түйүн камтыган аймак" бөлүмүндө жеткиликтүү.


Тизмеге кайтуу