0500 000 955 чал да, үнөмдөөнү дароо азыр башта!

27.09.2018

Үйдөгү интернет менен мобилдик байланыш ар бир заманбап үй-бүлөнүн чыгымдарынын маанилүү бөлүгүн түзөт. Кээде бул сумма айына 2 же 3 миңди чапчыйт.

О! мобилдик оператору дээрлик ар бир үй-бүлөгө үйдөгү интернеттен жана мобилдик байланыш кызматтарынан үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк бере турган толугу менен жаңы уникалдуу өнүмдү киргизип жатат.

«Бирге арзан» тарифи – бул толук бир айга роутери менен үйдөгү интернет + акысыз чалуулар үчүн 3 SIM-карта жана ар бир SIM-картада айына 40 гигабайттан мобилдик интернет!

Айлык абоненттик төлөм болгону 1190 сомду түзөт жана бир гана SIM-картанын балансынан алынат. Эми ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн балансын толуктоонун жана үйдөгү интернетке өзүнчө төлөөнүн кажети жок. Бир киши төлөйт, ал эми бүт үй-бүлө колдонот.

«Биздин компания бүт өлкө боюнча түйүндүн өнүгүүсүнө маанилүү каражаттарды үзгүлтүксуз салууну улантып келе жатат. Бул бүт өлкө боюнча чоң жана кичине калк жайгашкан пункттарды жогорку ылдамдыктагы 4G интернети менен камсыз кылууга шарт түзөт. Эми үйдөгү жана мобилдик интернетти бириктирүү менен биз кардарларыбызга эң популярдуу сервистерди колдонуудагы максималдуу жөнөкөйлүктү жана ыңгайлуулукту беребиз, ошондой эле сапатын жоготпостон үнөмдөөгө да мүмкүнчүлүк сунуштайбыз», — деп белгиледи О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

Эми зымдуу интернет-провайдерлердин кимиси сиздин райондо үйдөгү интернетти кошуп бере тургандыгына байланыштуу маалыматты тактоонун кажети жок. О! мобилдик операторунун жаңы «Бирге арзан» тарифине кошулуу өлкөнүн бардык облустарында жеткиликтүү.

Дароо азыр үнөмдөп баштоо үчүн болгону 0500 000 955 номерине чалуу жана кошулуу үчүн сурамды калтыруу керек. Толук маалымат бул шилтеме аркылуу жайгаштырылган.

Бирге АРЗАН!

 


Тизмеге кайтуу