Студенттер үчүн мыкты тариф – О!дон атайын сунуш

30.08.2022

Эгер сен студент болсоӊ, анда жеӊилдетилген шарттарда ѳзгѳчѳ тарифти кошуп алуу мүмкүндүгүнѳ ээ боло аласыӊ. О! түйүнүндѳ гана эӊ активдүүлѳр жана баарлашууну жакшы кѳргѳндѳр үчүн эксклюзивдүү сунуш бар.

«Переходи на О! Студент Онлайн» тарифи виртуалдуу окуялардын чордонунда болууга, достор менен байланышты сактоого жардам берет. Жумасына болгону 105 сомго:

  • Максималдуу ылдамдыктагы 8 гигабайт интернет; 

  • О! түйүнүндѳ толугу менен чексиз чалуулар жана SMS;

  • Facebook, Twitter, Одноклассники, ВКонтакте, WhatsApp, Telegram, Instagram, ZOOM, Skype, Google Classroom, KelВil үчүн ЧЕКСИЗ интернет жана КР ЖОЖдорунун акысыз билим берүү сайттары.

Тариф интернетти Тармактан керектүү маалыматтарды издѳѳ, блог жүргүзүү же окуп үйрѳтүүчү видеолорду кѳрүп чыгуу максатында, ошондой эле кѳӊүл ачуу, баарлашуу жана тренддерден артта калбаш үчүн колдонгон студенттерге ылайыкталып иштелип чыккан.

Баары жѳнѳкѳй – тарифте канчалык кѳп досуӊ болсо, ошончолук пайдалуу!

«Переходи на О! Студент Онлайн» тарифин Кыргызстандын окуу жайларында билим алып жаткан студенттер кошо алат. Кошуу үчүн жанында паспорту, жарактуу студенттик билети же зачёттук китепчеси болууга тийиш.

  • Эгер мурда каттоодон ѳткѳн болсоӊ, анда жѳн гана *155*85# тарифке ѳтүү буйрутмасын тер.

  • Ал эми биринчи жолу кошуп жатсаӊ, алгач «Мой О!» тиркемесинен каттоодон ѳт. Тиркемени жүктѳ же мурда орнотулган болсо, аны жаӊыла. «Тарифтер» менюсуна кирип, «Окуу үчүн» категориясынан «Студент үчүн» вкладкасын танда жана атайын форманы толтур.

  • Ошондой эле тарифти бардык O!Store дүкѳндѳрүнѳн кошуп алууга болот.

Тезирээк О!го ѳт, студент!


Тизмеге кайтуу