Бардык банктык жана бонустук карталар бир эле тиркемеде

21.07.2021

Сиз жашооӊузду дароо азыр жеӊилдете аласыз, анткени колуӊузда башкы жардамчыӊыз – смартфонуӊуз бар. «Мой О!» тиркемеси жакындарыӊызга кам көрүүгө, 1000ден ашуун сервисти онлайн төлөөгө кандай жардам бергенин, ошондой эле «О!Деньги» капчыгындагы каражаттарды накталай акчага айлантуу кандайча куткара тургандыгын сиз жакшы билесиз.

Бүгүн «Мой О!» тиркемесиндеги «О!Деньги» капчыгынын функциялары тууралуу кененирээк айтып беребиз. Булар менен төлөм терминалдарын издөө жөнүндө унутасыз жана бонустук карталарды смартфондо сактай аласыз.

Купюралардан баш тартуу – накталай эмес эсептешүүлөрдүн мезгили

Коронавирус пандемиясы баарыбызга көнүмүш кагаз акчалар – оору жугузуунун эӊ башкы булагы экенин: вирус банкноталарда көпкө чейин жашай турганын дагы бир жолу тастыктады. Эпидемия мезгилинде элдер төлөөнүн электрондук ыкмаларын көбүрөөк пайдалана баштады. «О!Деньги» электрондук капчыгы аркылуу транзакциялар былтырдан баштап кескин көбөйдү. Кредиттик карталар менен дисконттук карталар үчүн каптар өтмүштө калды, ал эми портмонелер – таптакыр жоголбосо да, кыйла «жукарып» бара жатат. Анткени төмөнкү мүмкүнчүлүктөр пайда болду:

1. Бонустук картаны акысыз кошуу!

Капчыкка кирип, «Менин карталарымды» басыӊыз, сканерди картанын штрихкодуна алып барып, атын ойлоп табыныз. Даяр! Каалаган бонустук же арзандатуу картасын супермаркеттен, дүкөндөн же сүйүктүү кофейнядан штрихкод менен кошуп алуу мүмкүн. Аны колдонуу үчүн картаны кассирге смартфондон эле көрсөтүп коюӊуз.

bonuscards-kg.png

2. Каалаган банктын картасын кошуп, аны комиссиясыз колдонуу!

Банктык карталардагы маалыматтарды бир эле жолу киргизип коюӊуз жана алар ар дайым сиздин смартфонуӊузда сакталат. Бул үчүн «О!Деньги» капчыгына кириӊиз, «Менин карталарымды» басып, маалыматтарды киргизиӊиз да, аларды дайыма тиркемеде алып жүрүӊүз.

bank-kg.png

3. Терминал жана банкомат издегенди унутуу

1000ден ашуун өнөктөштүн соодасын же кызматын төлөө үчүн сизге накталай акчанын кереги жок. Ал тургай жаныӊызга банктык картаны алып жүрүүгө да зарылдык жок. Анткени «О!Деньги» электрондук капчыгы аркылуу кошулган картадан капчыкты толуктоо же кызматты төлөө мүмкүн. Ага кошумча 20%га чейин үнөмдөөгө же кэшбек алууга болот. Эӊ жагымдуусу «О!Деньги» аркылуу карта менен төлөөдө комиссия алынбайт!

4. Коопсуздук тууралуу кам санабоо

Ал тургай жаӊылыштык менен смартфонуӊузду бир жерге унутуп калган күндө дагы, акчаларыӊыздын коопсуздугуна кепилдик берилет – карталар боюнча бардык операциялар PCI DSS маалыматтардын коопсуздугу боюнча эл аралык стандарттарга ылайык ишенимдүү корголгон. «Мой О!» тиркемесинин өзүн сиздин бармак изиӊиз же сизге гана маалым болгон пин-кодсуз ачуу мүмкүн эмес. Бул жерден эскерте кетчү нерсе – эч качан тиркемеге кирүү үчүн шартбелгилер менен коддорду эскертмелерде же SMS билдирүүлөрдө сактабаӊыз.

Маанилүү контактты сактап коюӊуз: эгерде төлөмдү өткөрүүдө ката кетирип алсаӊыз, сизге 999 же 0700000999 номерлери боюнча «О!Деньги» сервисинин колдоо кызматынан жардам беришет.  

Тиркеме жөнүндө

«Мой О!» тиркемеси – бул О! абонентинин жеке кабинети + Saima менен «О!Деньги» капчыгын бириктирген санарип экотутум.

+ Тиркеме 2 000 000дон ашуун орнотууга жана маркетплейстерде туруктуу жогорку баага ээ.

+ Кардарлар үчүн номерди башкаруу, капчыктар менен карталарга каражаттарды ыкчам которуу жеткиликтүү.

+ Телефондун балансынан, электрондук капчыктан же кошулган картадан 1000ден ашуун сервисти онлайн төлөө.

+ Өлкө боюнча 100дөн ашык филиалы бар O!Store ири дүкөндөр тармагында «О!Деньги» капчыгынан каражаттарды накталай акчага айлантуу мүмкүнчүлүгү бар. 

+ Кадам сайын орнотулган кеӊири терминалдык тармактан капчыктын балансын комиссиясыз толуктоо жеткиликтүү.

+ Google Play же App Store шилтемеси аркылуу көчүрүӊүз.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ №2021030817, №3022030817 лиц.


Тизмеге кайтуу