Бүт дүйнөнүн радиостанцияларын ук!

16.10.2018

Сүйүктүү музыка мындан ары жакыныраак болуп калды. О! абоненттери эми жаңы О!FM тиркемеси аркылуу интернетке акча төлөбөстөн, бүт дүйнөнүн радиостанцияларынын эфирин уга алышат. 

Биз таңкы чуркообузду кооздоо же плей-листтерди тез-тез жаңыртуу, жаңы хиттерди кошуу максатында окууга, же ишке бара жатканда радио угабыз. Плей-листтерди түзүүгө убакыт  коротуунун эми кажети жок, анткени сүйүктүү музыкаңызды онлайн уга аласыз.

O!FM — сизге жаккан R&B, джаз, рок, рэп, шансон, классика стилдериндеги сүйүктүү музыка ойнотулган, миңден ашуун күнү-түнү иштеген заманбап онлайн-радиостанциялар. 

Ошондой эле сиздер үчүн жүздөгөн музыкалык, жаңылыктардын, тамашалардын жана балдардын каналдары топтолгон.  Сүйлөө көндүмдөрүңүздү өнүктүрүү максатында, англис, немис, француз, испан, орус, италия тилдеринде радиоберүүлөрдү да уксаңыз болот же  балдардын  онлайн-радиосун койсоңуз, бөбөгүңүз унаада жүргөндө тажабайт. Өзүңүзгө жаккан станцияларды каалаган учурда, максималдуу тез жана ыңгайлуу кирүүгө мүмкүн боло турган тандалган радиолордун тизмесине кошуп алсаңыз болот. 

O!FM тиркемеси менен суткасына 24 саат, аптада 7 күн бою интернетке акча төлөбөстөн, сүйүктүү музыкаңыздан ырахат аласыз! Музыканы угууда канчалык интернет-трафик короторуңуз маанилүү эмес, анткени кызмат ичинде трафик— нөл!

Сизди дабыштын мыкты сапаты жана кызматты алгачкы 3 күн толугу менен АКЫСЫЗ колдонуу мүмкүнчүлүгү  сөзсүз түрдө кубандырмакчы. Андан кийинки төлөм суткасына 3 сомду түзөт. 

Күнүмдүк абоненттик төлөмдүн баасына КНС эске алынып, СС кошулган жок. 

Кызмат тууралуу кененирээк маалымат — fm.o.kg сайтында.

O!FM— сүйүктүү музыкаңдан ырахат ал! 


Тизмеге кайтуу